ҮРӨНДҮН ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮН ЖАНА САПАТЫН ЖОГОРУЛАТКАН БОРБОР

  • 10.09.2025
  • 0

Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча  окуу-илимий борбору ачылды.

ҮРӨНДҮН ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮН ЖАНА САПАТЫН ЖОГОРУЛАТКАН БОРБОР

Борбордун максаты — жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу,  Кыргызстанды жашылча үрөнү менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү жана жашылча үрөнү менен камсыздоо системасын чыңдоо, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана студенттерге дуалдык билим  берүүнү жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерди өнүктүрүү.

Бул борбор Кореянын колдоосу менен «Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү үчүн инфраструктура түзүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү үчүн курулду.

Аталган долбоор Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин,  Кореянын Айыл чарба коомчулугунун корпорациясынын жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин катышуусунда ишке ашырылууда.

ҮРӨНДҮН ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮН ЖАНА САПАТЫН ЖОГОРУЛАТКАН БОРБОР

Иш-чарада окуу жайдын ректору академик Рысбек Нургазиев университеттин базасында ачылган  Кыргызстан үчүн жашылча-жемиштердинин үрөнүн чыгаруучу ишканасы экендигин баса белгиледи. Айтымында, алардын үрөндөрүнүн 85% чейинкиси сырттан импорттолуп келет. Эгерде тамак-аш коопсуздугун колдоо алууну биринчи кезекте үрөнчүлүктөн башташыбыз керек.

 

  • Кыргызстанда үрөнчүлүк боюнча селекция менен иштеген эл аралык деңгээлде иштеген окумуштуулар, күнөскана менен иштегендер да аз. Биздин башкы максатыбыз – жашылча-жемиштердин үрөндөрүн чыгаруу, селекциялык жумуштарды алып баруу, келечекте үрөндөрдү Кыргызстандын атынан экспорттоо. Бир жарым жылдын ичинде Кореянын эң күчтүү үрөн боюнча иштеген фирмаларынын өкүлдөрү келип, бадыраң, помидор, пияз жана калемпирдин уруктары менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү,  — деди ректор.

Ошондой эле Рысбек Нургазиев үрөнчүлүк боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) тармагында кызматташуунун келечегин жана айыл чарба тармагына кадрларды даярдоо максатында «Бай Дыйкан» компаниясы менен биргеликте “Жашыл Мурас” долбоору  талкууланып, мунун алкагында 12миң теректин, 40миңдей кара жыгачтын көчөтү өстүрүлүп жатканын билдирди.

ҮРӨНДҮН ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮН ЖАНА САПАТЫН ЖОГОРУЛАТКАН БОРБОР

 

Бир жарым жылдык кызматташуунун жемиши

Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда,    2024-жылдын 5-февралында Кореянын Айыл чарба коомчулугунун корпорациясынын президенти Ли Бен Хон Кыргызстанга келип, долбоордун иши менен тааныштырган. Көп өтпөй 8-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри — Бакыт Торобаевдин  жана  Кореянын  айыл чарба инновациялары боюнча Кореялык өнөктөштүк KOPIA борборунун директору Кванг Сог «Питер» Чу, Квангджин консорциум долбоорунун өкүлдөрү,  Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректорунун катышуусунда  Окуу – илимий  борборунун пайдубалына капсула салынган.

Окуу-илимий борбордун аянты сегиз гектарды түзүп, офистик, кампа, селекциялык жайларды, ошондой эле тогуз күнөскананы, студенттер үчүн кабинеттер, жатакананы камтыйт. Келечекте жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүү боюнча   өлкөнүн үрөнчүлүк боюнча импортко көз карандылык маселелерин чечүүгө жардам берет. Бардык шарттар үчүн 3.9 миллион АКШ доллары жумшалган.

 

ҮРӨНДҮН ТҮШҮМДҮҮЛҮГҮН ЖАНА САПАТЫН ЖОГОРУЛАТКАН БОРБОР

Учурда борбордо  тогуз акылдуу күнөскана бар:    анын алтоо жайкы,  үчөө бардык мезгилге ылайык.  Анда пияздын, помидордун, бадыраңдын уруктары өстүрүлүп, өндүрүлөт.

Күнөсканаларда  эксперимент катары пияз, корей, ачуу калемпири, редискасы, барбарис, бадыраң,  жоогазын сыяктуу ар кандай өсүмдүктөр, жемиштердин сорттору  өстүрүлүүдө .

Окуу жайдын агрономия жана токой чарба факультетинин   профессор-окутуучулары  жана студенттери күнөсканаларда мониторинг жүргүзүп, ар кандай илдеттерди жана зыянкечтерди алдын алуу иштерин өткөрүп турушат.

        

     Окуу-илимий борборундагы  тамчылатып суугаруу системасынын орнотулушу жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүүдө суунун үнөмдүү пайдаланылышын камсыздап, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт. Бул технология дыйканчылыкта заманбап агрономиялык ыкмаларды киргизүүгө, ошондой эле студенттердин жана жаш адистердин практикалык билимдерин тереңдетүүгө шарт түзөт.

Бул аймакты жашылдандыруу, келечектеги адистерге билимди практикада колдонууга жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого  үйрөтүү максатында окуу жайдын ректору баш болгон окутуучулук курам теректин көчөттөрүн отургузушкан.  Жакында эле чынар теректин, жапалак арчанын көчөттөрү да отургузулду.

Мындан сырткары, борбор керектүү заманбап жабдыктар менен толук камсыздалган.

 

   Айгерим Токтобаева, “Кут БИЛИМ”

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер