ПУШКИНДИН ТИЛИ АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

  • 09.04.2025
  • 0

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулган  А. Пушкиндин 225 жылдыгына карата “Пушкиндин тили Айтматовдун мекенинде” аттуу кароо-сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.

ПУШКИНДИН ТИЛИ АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

Маалыматка ылайык, буга чейин сынакка мугалимдер, окуучулар катышып, жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган 10 окуучу  Санкт-Петербург шаарына 10 күн  эс алуу туруна барып келишкен. Ал эми баш байгени жеңген үч окуучу Москвадагы эл аралык Патрис Лумумбы атындагы университеттин бюджеттик бөлүмүнө кабыл алынган.

ПУШКИНДИН ТИЛИ АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

7-апрелде жеңүүчү 10 мугалимге жана алар эмгектенген мектептер үчүн Талас Коппер Голд  компаниясы  интерактивдүү доскаларды жана ноутбуктарды белекке берди.

ПУШКИНДИН ТИЛИ АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

ПУШКИНДИН ТИЛИ АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

ПУШКИНДИН ТИЛИ АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

Үстүбүздөгү жылы кароо-сынактан байгелүү орундарга татыган  мугалимдер  Санкт-Петербург шаарында билимин жогорулатуу курсуна  катышаары пландалууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, ”Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер