«ПСИХОЛОГИЯ ЖУМАСЫ» — ЖАГЫМДУУ МААНАЙ БУЛАГЫ
- 03.12.2021
- 0
Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде 15-ноябрдан баштап “Психология жумасы” ѳткѳрүлдү.
Кызыктуу иш-чарага мектептин баардык окуучулары жана мугалимдери активдүү катышты.
— «Психология жумасынын» максаты окуучулардын учурдагы депрессиялык абалын, тынчсыздануусун жана агрессивдүүлүгүн тѳмѳндѳтүү болуп саналат. Бул үчүн биз алардын кызыгууларына жараша тапшырмаларды бердик. Тапшырмаларды аткаруу менен окуучулар өздөрүндөгү окуу мотивациясын күчөтүп, ата-энелерине болгон мамилелерин туура нукка бурушту, — дейт пайдалуу иш-чаранын уюштуруучусу, мектеп-лицейдин психологу Нуриза Болотбекова.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер