ПРОКУРАТУРА ОКУУЧУЛАРДЫ ТУУРА КАДАМ ТАШТООГО ЧАКЫРДЫ

  • 03.04.2023
  • 0

Кара-Суу райондук балдар чыгармачылык борборунун базасында райондук прокуратуранын демилгеси менен балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында күчтүү жана өнүккөн мамлекетти куруу, өлкөнүн келечеги болгон муундарды дене бой, акыл-эс, адептик жана руханий жактан колдоо жана өнүгүүсүн камсыз кылууга, балдардын укугун коргоого багытталган программанын негизинде окуучулар арасында сүрөт сынагы болуп өттү.

ПРОКУРАТУРА ОКУУЧУЛАРДЫ ТУУРА КАДАМ ТАШТООГО ЧАКЫРДЫ

Райондук балдар чыгармачылык борборунун директору Б.Туратованын маалыматына таянсак, сынакка айыл аймактагы мектептерден «мыкты» деп табылган сегиз окуучу катышты.

ПРОКУРАТУРА ОКУУЧУЛАРДЫ ТУУРА КАДАМ ТАШТООГО ЧАКЫРДЫ

— Окуучулар тарткан сүрөттөрү боюнча маанисин түшүндүрүп, коргоп беришти. Кара-Суу районунун прокурору Эркингүл Урдалетова сынакка катышкан окуучулардын тарткан сүрөттөрүнө күбө болуп, окуучулар менен баарлашып, тартиптүү болууга, мыкты окуп, келечекке туура кадам таштоого, өнөр үйрөнүп мамлекеттин күчтүү келечеги болууга үндөдү. Урдалетова тартылган сүрөттөрдүн баардыгын мыкты экендигин белгилеп, катышкан окуучуларга Ардак Грамота, гүлдесте жана кол саат белекке берди, — дейт жетекчи.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер