ПРОГРАММАЛООНУ ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН МЫКТЫ БЕЛЕК

  • 10.10.2021
  • 0

Жакында К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасындагы Америка Бурчунда  “Өспүрүмдөр үчүн Python: Супер Баатырдай программалоону үйрөнүңүз” аталышындагы китептин бет ачары болду.

Аталган китеп АКШ элчилигинин Китеп которуу программасынын негизинде Борбор Азия аймактык институту тарабынан которулуп басылды. АКШ элчилигинин китеп которуу программасынын талаптарына ылайык, “Өспүрүмдөр үчүн Python” китеби 3000 тиражда басылып, жергиликтүү программалоо үйрөнүүчүлөргө акысыз таратылат.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин өкүлдөрү, STEPM, IT тармагында жигердүү иш алып барган жергиликтүү эксперттер, окуучулар, котормочулар, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты. Иш-чаранын алкагында, долбоорду аткарган институттун директору, элчиликтин өкүлдөрү сөз сүйлөп, андан кийин иш-чаранын калган бөлүгү жаш Python үйрөнүүчүлөр арасында чакан жарыш менен коштолду. Программалоо боюнча жарышта жеңген үч окуучуга Борбор Азия аймактык институту жана АКШ элчилиги тарабынан белектер ыйгарылды.
“Өспүрүмдөр үчүн Python”китеби программалоо жаатында кыргыз тилиндеги алгачка китептерден болгондуктан, көпчүлүк тарабынан кызыгуу жаратып, сурап-талап абдан жогору болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер