ПРОФСОЮЗ-ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИБИЗ

  • 19.11.2018
  • 0

      2018-жылдын 17-ноябрь күнү Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу № 42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын базасында 19-октябрь Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата “Профсоюз – ишенимдүү тирегибиз!” темасындагы профсоюздук уюмдардын жетекчилеринин майрамдык иш-чарасы балдар бакчасынын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган концерттик программанын коштоосунда өттү.

ПРОФСОЮЗ-ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИБИЗ

ПРОФСОЮЗ-ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИБИЗ

ПРОФСОЮЗ-ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИБИЗ

Иш-чараны Ноокен райондук профсоюз комитетинин төрагасы К. Нышанов ачып, райондук комитеттин 2018-жылда аткарылган иштери, жетишкен ийгиликтери жана алдыда турган пландар менен слайддар аркылуу маалымат берди. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын майрамдары менен куттуктады.

2017-2018-жылда “Мыкты профсоюздук уюмунун төрагасы — 2017” тармактык кароо-сынагынын жеңүүчүсү болгон № 26 “Ак-шоола” балдар бакчасынын профкому Н. Абишова,  директору К. Мурашова аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер жөнүндө маалымат беришти.

Андан соң келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында өткөн тармактык профсоюз уюмдарынын ишмердигин чагылдырган “Мыкты фотоальбом” жана “Мыкты профсоюздук уюмунун төрагасы -2018” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары сыйланды. Ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн Ноокен районунун “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси менен ардагер мугалимдер жана  билим  берүү  кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелеринин чечилишине активдүү  катышкандыгы үчүн Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын, областтын, Ноокен рай КБКнын ардак грамоталары менен сыйланышты.

   Иш-чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Э. Маматаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад  областтык комитетинин төрагасы А. Исмаилов, Ноокен райБББнүн башчысы Б. Козуев, Ноокен рай КБКнын төрагасы К. Нышанов, Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М. Султанов, ардагер мугалимдер жана кесиптик уюмдарын төрага, төрайымдары катышты.

 Т. Бакиров, Ноокен КБКнын инспектору

Бөлүшүү

Комментарийлер