ПРОФЕССОР ШАМАТОВДОН ВЕБИНАР

  • 07.09.2021
  • 0

6-сентябрда Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун  «Глобалдык чакырыктар жана азыркы билим берүүнүн тренддери» аттуу вебинары болуп өттү.

Вебинарда ХХI кылымдын чакырыктары – айлана-чөйрөнү коргоо, миграция, технология, анын ичинде социалдык тармактар, интернет коомчулугу азыркы жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланганына басым жасалып, учурда үй-бүлөнүн түзүмү өзгөргөнүнө, көп кишилер өз кесибинин натыйжаларын көрүүгө умтулганына, эмгек рыногунда станддартсыз ойлонгон, аналитикалык ой жүгүртүүсү чыйрак кесип ээлерине артыкчылык берилип жатканына өзгөчө маани берилди. Андан аркы сөзүндө профессор Шаматов коронавирус пандемиясы балдардын билим алуусуна кандай таасир эткенин анализдеп, ПИЗА иликтөөлөрүндө эмнеге басым жасаларына токтолуп, дүйнөлүк билим берүүнүн төрт жолун так аргументтерди келтирүү аркылуу угармандарга жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берди.

— Окуучу жаштарды жумшак көндүмдөргө окутуу азыркы педагогдордун эң башкы милдеттеринен болуп саналат, — деди окумуштуу-педагог.

 А. Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер