ПРОФЕССОР САГЫН ЖЕКИШОВАНЫН “ӨМҮР БАРАГЫ”

  • 20.10.2021
  • 0

Бишкекте Техника илимдеринин доктору, профессор Сагын Жекишованын илимий-педогогикалык, ойлоп табуучулук ишмердигинин 50 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.

Көргөзмө менен бирге эле т.и.д., профессор Сагын Жекишованын “Өмүр барагы” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш-чараны Кыргызпатенттин статс-катчысы И. Мойдинов ачып берип, профессор С. Жекишованын илимий-чыгармачылыгына кеңири токтолуп, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады. Катышуучулар ошондой эле ойлоп табуучунун эмгектерин чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.

ПРОФЕССОР САГЫН ЖЕКИШОВАНЫН “ӨМҮР БАРАГЫ”

Белгилей кетсек, өмүрүн ойлоп табуу ишине арнаган профессор Сагын Жекишованын сыясы кургай элек жаңы эмгеги – “Өмүр барагы” аттуу китеби Кыргызпатенттин каржылоосу менен жарык көргөн. Китепте Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун «Ойлоп табуучулук үчүн», Евразия патенттик уюмунун В. Блинников атындагы, ЮНЕСКОнун “Илимге кошкон зор салымы үчүн” алтын медалдарынын ээси С. Жекишованын илимий-чыгармачылыгы кеңири баяндалат.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер