ПРОФЕССОР МУРАТАЛЫ ДЖАМАНБАЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИ ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ САКТАЛАТ

  • 13.04.2026
  • 0

ПРОФЕССОР МУРАТАЛЫ ДЖАМАНБАЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИ ЖҮРӨГҮБҮЗДӨ САКТАЛАТИ. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жалпы жамааты терең кайгыруу менен билдирет: физика-математикалык илимдердин доктору, профессор Мураталы Джузумалиевич Джаманбаев дүйнөдөн кайтты.
Мураталы Джузумалиевич 1952-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Кара-Жыгач орто мектебинде билим алып, 1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолун 1974-жылы Кара-Жыгач орто мектебинде математика мугалими болуп баштаган. 1977–1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматика институтунда аспирантурада окуп, илимий кызматкер болуп иштеген. 1986–2000-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунун жогорку математика кафедрасында улук окутуучу, доцент жана кафедра башчысы кызматтарында эмгектенген.
1985-жылы 01.01.05 — суюктуктун, газдын жана плазманын механикасы адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактап, физика-математикалык илимдердин кандидаты илимий даражасын алган. 1999-жылы ошол эле адистик боюнча доктордук диссертациясын жактап, физика-математикалык илимдердин доктору даражасына ээ болгон. 2001-жылы профессор окумуштуулук наамы ыйгарылган.
Мураталы Джузумалиевич Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын мүчө-коррреспонденти жана Эл аралык инженердик билим берүү коомунун (IGIP) мүчөсү болгон.
2000–2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигинин башчысы болуп иштеп, өлкөнүн илимий-техникалык жана инновациялык саясатын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон.
2003-жылдын сентябрь айынан тартып И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин илимий проректору болуп иштеп, университеттеги илимий иштердин жанданышына чоң салым кошкон.
2005–2010 жана 2015–2020-жылдары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору болуп эмгектенип, окуу жайдын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Анын жетекчилиги алдында университеттин илимий потенциалы бекемделип, эл аралык кызматташтык кеңейген. Германия, Франция жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы университеттери менен байланыштар түзүлүп, инженердик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлор ишке ашырылган.
2020-жылдан тартып “Колдонмо математика жана информатика” кафедрасынын башчысы болуп иштеп, Россия Федерациясынын алдыңкы техникалык университеттери менен биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга, студенттерге эки өлкөнүн диплому берилишине салым кошкон.
Профессор М.Дж. Джаманбаев илимий ишмердүүлүгүндө жер астындагы гидросфера маселелерин математикалык моделдөө, сандык ыкмаларды иштеп чыгуу жана колдонмо маселелерди чечүү багытында ири изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын иштеп чыккан методологиясынын негизинде Орто-Алыш жер астындагы суулар кенинин селитра менен булганышы боюнча олуттуу маселелер чечилген. Ошондой эле “Кумтөр” алтын кен комбинатынын калдык сактоочу жайынын температуралык режими жана фильтрациясы боюнча илимий эсептөөлөр жүргүзүлгөн.
Ал жер астындагы гидросферага булгоочу заттардын таралышын болжолдоо боюнча эл аралык долбоорлорго катышып, нанотехнология багытында да активдүү иш алып барган. Анын демилгеси менен КМТУда нанотехнологиялык лаборатория ачылган.
Профессор Мураталы Джаманбаев 100дөн ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору болгон. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызпатент) Ардак грамотасы менен сыйланган. Анын илимий жетекчилиги астында 4 аспирант кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жактаган.
Ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Мыктысы”, Кыргыз Республикасынын агартуусуна эмгек сиңирген ишмер жана “Даңк” медалынын ээси болгон. > Бурулкан: Мураталы Джузумалиевичтин жаркын элеси, бекем мүнөзү, илимге жана мекенге болгон чексиз берилгендиги аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Бөлүшүү

Комментарийлер