ПРОФЕССОР КЫРГЫЗБАЙ ДОБАЕВ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИ ЭМНЕ ҮЧҮН КОЛДОЙТ?

  • 28.10.2024
  • 0

Биринчиден, биз окутуунун бул моделине илгертен эле өткөнбүз. Азыр ошону жөн гана мыйзамдаштырып жатабыз. Эсиңиздерде болсо керек? Бизде нулевой класс деген бар эле, эми ошолор дароо биринчи класс болушат. Ушуну көбү байкабай жатышат.

ПРОФЕССОР КЫРГЫЗБАЙ ДОБАЕВ 12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕПТИ ЭМНЕ ҮЧҮН КОЛДОЙТ?

Экинчиден, бизде нулевойдо иштегендердин айлыгы да башталгыч класстын мугалимдерине караганда азыраак эле, статусу да төмөн болчу. Эми мындан ары мындай айырма болбойт.

Үчүнчүдөн, азыркы 5-6 жаштагылар мектепке келбей жатып эле компьютер менен телефондон окуганды үйрөнүп келүүдө. Ошондуктан алты жаштагылар бала бакчага батпай калышты. Аларды мектепте гана окута алабыз.

Белгилүү окумуштуу-педагогдун кыска-нуска ойлорун жазып алган:

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер