ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИАНТТАР

  • 27.12.2023
  • 0

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 75 студентине 60миң сом өлчөмүндө Президенттик стипендия тапшырды.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИАНТТАР

Президент өз сөзүндө Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, ата салты менен нарк-насилин барктаган, билимге сугарылган, Мекенин сүйгөн жаштар — биздин келечегибиз экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы биздин билим берүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу ишмердүүлүктү камтыган комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууну колдойт. Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, стипендия алуу үчүн 32жогорку жана орто окуу жайдан 210 талапкер документ тапшырган. Өз алдынча көз карандысыз комиссия түзүлүп, окуудагы жетишкендиктери, коомдогу ийгиликтүү позициялары, илимий публикациялары, жаратмандыгы эске алынып, өзүн мыкты көрсөткөн 75 студент тандалып алынды. Буга чейин мыкты студентттерге 50миң сомдон стипендия берилип келген.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИАНТТАР

Президенттик стипендия жана Мактоо баракчаны  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин беш студенти багындырды. Алардын бири — Миргүл Рахманалиева, табигый илимдер жана туризм институтунда  бюджеттик негизде билим алып жаткан 3-курстун студенти. Ал окууга тапшыргандан бери болгон күчүн жумшап, бир канча студенттик клубдарга мүчө болгон. Эки жылдан бери “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун стипендианты. «Чырак» коомдук фондунун алгачкы стипендиаттарынын бири. Андан сырткары, 2022-жылдагы жыл жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын топ-100 студентине кирген. Казакстандын мыкты студенти, КМШ өлкөлөрүнүн мыкты студенти номинациясына жана 1-даражадагы диплом, медалдарга ээ болуп, өлкө башчынын сыйлыгына татыктуу болгон. Президенттик стипендияга ээ болуу окуучу кездеги максаты экендигин, студенттик мезгилдеги эң чоң жетишкендиктеринин бири болгонун айтат.

  • Стипендия алуу үчүн даярдыкты 1-курстан баштагам. 3-курс экениме карабай дараметимди сынап көрүүнү туура көрүп, документтерди кабыл алуу убактысы аяктап баратканда тапшырдым. Мээнетиң катуу болсо, алган сыйлыгың жөнөкөй кагаз болсо да ушунчалык башкача сезим менен кубанат экенсиң. Ушуну менен эле чектелип калбастан, келечекте коомчулукка, Кыргызстанга кереги тийген мыкты инсандардын катарын толуктоо изги тилегим бар. Өзүм ар тараптуулукту жактырган жана бир канча кесиптин ээси болууну каалаган студентмин. Келечекте биология мугалимимин. Бирок бала кезде ак үйдө иштөөнү кыялданчумун. Кесип тандап жатканда бир да жолу мугалим болуу оюма келген эмес.  Ошондой болсо да бул тармакты тандаганыма өкүнбөйм. Себеби коммуникацияны жакшы көрөм, андыктан окуучулар менен бат  тил табыша алам. Агартуу тармагына салым кошуп, аны менен бирге жогорку кызматта иштөөнү каалайм, — дейт Миргүл Рахманалиева.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИАНТТАР

Ушул эле сыйлыкка «М.Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУ нун үч студенти ээ болду. Аталган окуу жайдын бизнес-информатика багытында маалымат технологиялар кесиби боюнча билим алып жаткан 4-курстун студенти Алина Самакова эмгеги акталып жатканына үй-бүлөсү менен кубанып жатканын айтат.

—  Бул күндү көп күттүм. Мектепти аяктап, ЖОЖго тапшырарда Президенттик стипендия тууралуу угуп, өзүмө кызыл диплом менен окууну бүтүрүү, президенттин колунан стипендия алууну максат кылгам. Экинчи жолу документ тапшыргандан кийин максаттыма жеттим. Университеттин атынан ар кандай илимий конференцияларга катышып, аларды алып барып,  ар түрдүү сыйлыктарга ээ болдум. Окуудан сырткары, спортто да ийгилик жаратып келем. Жеңил атлетика боюнча жаштар арасында үч жолку чемпионмун. “Жылдын волонтёру” деген наам да алдым. Окууну аяктаганда чет өлкөдөгү ири IT компанияда иштеп, тажрыйба топтоп,  өз өлкөмдүн технологиялык жактан өнүгүүсүнө салым кошууну каалайм, — дейт.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИАНТТАР

Ал эми ОшМУ беш студенти Президенттик стипендиянын ээси. Алардын катарынла  физика-техника факультетинин «Электр менен камсыздоо» адистигинде  билим алып жаткан Кеңешбек Эмилбек уулу да бар. Стипендиант ОшМУнун «Топ-20» студентинин катарында.  Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланган, Ош шаарынын маданият башкармалыгынан ыраазычылык катына ээ болгон.

  • Бул стипендия студенттердин эң чоң сыйлыктарынын бири болуп эсептелгендиктен, Кыргызстандын бардык студенттери алууну эңсейт жана ага аракет кылат. Бул жөн гана стипендия эмес, чоң жоопкерчилик экенин түшүндүм. Келечекте кесибимдин мыкты адиси болушум үчүн дагы да окушум керек. Негизги пландарымдын бири  — чет мамлекеттен магистратураны аяктоо. Электр энергиянын альтернативдүү булактары боюнча технологияларды терең  үйрөнүп, Кыргызстанга орнотсом дейм. Буга чейин шамал жана күн энергетикасы боюнча долбоор жаздым. Учурда автоунаанын кинетикалык энергиясынан пайда болгон шамалдан савониустун роуторунун жардамында электр энергиясын алуу”,  «ОшМУнун башкы корпусунда күн электр станциясын орнотуу жана аны изилдөө» жана мироГЭС боюнча үч долбоордун үстүндө иштөөдөмүн. Андан сырткары, ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин стипендианты болдум, — дейт Кеңешбек Эмилбек уулу.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИАНТТАР

Ошондой эле И. Ахунбаев атындагы КММАнын беш студенти бул сыйлыкка татыктуу болуп табылды. Дарылоо факультетинде 5-курсунун студенти Кабакбай Жакшылыков даражасы бийик стипендияга ээ болгон 75 студенттин бири болгонуна  кубанат. Кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде сүйлөгөн студент бир топ эл аралык сынактардын жеңүүчүсү. Алсак И.К Ахунбаевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына арналган, медициналык ЖОЖдордун студенттеринин I эл аралык олимпиадасында  жана “Первый среди равных – Primus inter pares – Жузден жуйрiк” эл аралык  олимпиадада 1-орунду алса, Асфендиярова атындагы Казак улуттук медициналык университетинин” НАО (УББА) илим күнүнө арналган эл аралык студенттик олимпиадада 2-орунга, жаш окумуштуулардын 77-эл аралык илимий-практикалык конференциясында  “Фундаменталдык жана прикладдык медицинанын, фармациянын жетишкендиктери” боюнча 1-даражадагы дипломго ж.б сыйлактарга ээ болгон.

—  Президенттик стипендия аласын деген кабар мен үчүн күтүүсүз болду. Себеби биздин окуу жайдан 20 студент бул  сыйлыкка көрсөтүлгөн. Дагы да илим-билимимди өркүндөтүп, кесибимдин мыктысы аталып, эмгегимди кыргыз элиме арнайм, — дейт стипендиант.

 

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИАНТТАР

И.Раззаков атындагы КМТУнун  сегиз студенти стипендияга ээ болду. Адэлия Айбекова аталган окуу жайда “Тамак-аш азыктарын стандартташтыруу жана сертификациялоо” адистиги боюнча 4-курста билим алууда. Экинчи курста ректорлук стипендиянын ээси болгон, төрт жылдан бери «Кыргыз Коньягы» ишканасынын жеке стипендиясын алып келет. Окуучу кезден жакшы баага окуган Адэлия Айбекова университте да мыкты студент  болууга умтулат. Активист, студенттик кеңештин төрагасынын орун басары. Бир нече жолу илимий конференцияларга, маданий иш-чараларга волонтер катары да, катышуучу катары да катышкан. Келечекте өзү билим алган багыт боюнча карьера курууну пландайт.

 

  • Резиденцияга кирерге чейин толкундоолор болгон эмес. Президент киргенде колдорумду тер басып, көзүм жашылдана баштады. Кадимкидей толкунадандым. Негизи бул стипендияны алуу үчүн 1-курстан даярдык көрдүм. Ата-энем, жакындарым максатымды көрүп, дайыма колдоп турушту. Менин максаттарымдын ишке ашуусуна шарт түзүп берген окуу жайыма да ыраазымын.  Алган акчамдын бир бөлүгүн ата-энеме берем, калганын  өзүм кызыккан англис жана италия  тилдерди үйрөнүүгө жумшайм,  — дейт Адэлия Айбекова

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер