Президенттик балаты- балдар үчүн сыйкырдуу майрам
- 19.12.2025
- 0
Бүгүн, 19-декабрда, Президенттик балаты салтанаттуу түрдө уланууда.
Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мыкты окуучулар, активдүү, тартиптүү жана коомдук иштерге катышкан балдар чогулду.
Балдардын жүзүндөгү кубаныч, көздөрүндөгү үмүт бул майрамдын негизги маңызын айгинелеп турат.

Президенттик балатыга Баткенден– 30, Жалал-Абаддан – 60, Ысык-Көлдөн – 40, Нарындан – 30, Ош облусунан – 60, Ош шаарынан — 30, Таластан – 30, Чүйдөн – 50, Бишкек шаарынан – 60 бала катышууда.
Мындан сырткары, министрликтердин жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучуларынан дагы 100 бала чакырылып, жалпы катышуучулардын саны 490 окуучуну түздү.
Быйылкы Президенттик балаты өзгөчө мазмуну, жогорку маанайы жана тарбиялык мааниси менен айырмаланып, өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген балдар үчүн унутулгус майрамга айланууда. Мамлекеттин келечеги болгон жаш муунга өзгөчө камкордук бул ирет да айкын сезилип, балдардын жүрөгүнө ишеним, билимге умтулуу жана максаттуу жашоого болгон дем берди.

Биринчи күн: Нурзамандын окуясы бардык балдарга үлгү
Президенттик балатынын биринчи күнү өзгөчө таасирдүү окуя менен башталган. Алыскы Алайкуу районунан келген 4-класстын окуучусу Нурзаман Алмазбековду Кыргыз Республикасынын Президенти жеке кабыл алды. Мамлекет башчысы билимге болгон умтулуусу, аракетчилдиги менен айырмаланган жаш окуучуга өзүнүн колдонуп жүргөн уюлдук телефонун белекке берип, бул кадам аркылуу республика боюнча миңдеген жаш жеткинчектердин окууга болгон шык-жөндөмүн ойготту.

Бул жолугушуу жөн гана белек берүү эмес, балдардын мээнетин баалоо, аракетин көрө алуу жана эмгек менен билим ар дайым бааланаарын көрсөтүүчү символдук мааниге ээ болду. Нурзамандын окуясы ар бир окуучу үчүн үмүттү ойготуп, «эмгек кылсаң мамлекет да байкайт» деген ишенимди бекемдеди.
Президенттик балатынын алкагында балдар үчүн кеңири маданий программа уюштурулуп, жомоктогу каармандар, оюн-зооктор, концерттик номерлер тартууланууда. Ар бир катышуучу майрамдык белектерге ээ болуп, бул күн алардын эсинде узакка сактала турган жаркын элеске айланууда.

Президенттик балаты – бул жөн гана жаңы жылдык иш-чара эмес, бул билимге умтулган, аракетчил, мекенчил жаштарды колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү. Балдарга көрсөтүлгөн мындай камкордук алардын келечекте жоопкерчиликтүү, билимдүү жана коомго пайдалуу инсан болуп калыптанышына өбөлгө түзөт.











Комментарийлер