ПРЕЗИДЕНТТИК “АКЫЛМАН” ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ ТҮЗҮЛДҮ

  • 31.01.2024
  • 0

Президент Садыр Жапаров өлкө аймагындагы өзгөчө таланттуу балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүү – мамлекеттин башкы саясаты жана негизги милдети экенин белгилеп, Президенттик лицей түптөө демилгесин көтөргөн.

ПРЕЗИДЕНТТИК “АКЫЛМАН” ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ ТҮЗҮЛДҮ

Мамлекет башчынын колдоосу менен 2023-жылы Чолпон-Ата шаарында «Акылман» Президенттик лицейи ачылды.

Зээндүү балдардын башын бириктирген лицейдин ачылышына Президент өзү катышып келди.

Президенттик лицейге шык-жөндөмү менен айырмаланган республиканын булуң-бурчунан атайын сынак менен 75 окуучу тандалып алынган.

STEM багыты боюнча окутууга басым жасалган лицейде так илимдер англис тилинде, калган сабактар кыргыз тилинде өткөрүлөт.

“Акылман” президенттик лицейин каржылоо толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун эсебинен жүргүзүлөт.

Президент Садыр Жапаров IT багыты боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногунда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоонун маанилүүлүгүн эске алып, № 99 кесиптик лицейге өзгөчө статус берди.

Президенттин Жарлыгы менен лицейге кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берилип, “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи” мекемеси деп аталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер