ПРЕЗИДЕНТКЕ КАТ ЖАЗГАН БАЛДАР БЕЛЕК АЛЫШТЫ

  • 08.01.2018
  • 0

Ош шаарында Жаңы жылга карата президент Сооронбай Жээнбековко кат жазган балдар белектерин алышты. Өлкө башчысынын атынан келген планшеттерди жана таттууларды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырып, балдарга жана ата-энелерге каалоо-тилектерди билдирди.

ПРЕЗИДЕНТКЕ КАТ ЖАЗГАН БАЛДАР БЕЛЕК АЛЫШТЫ

  • Жаңы жыл берекенин, достуктун, ынтымактын жылы болсун. Силер жакшы билим алып мамлекет үчүн кызмат кыла турган инсандардан болуп чоңойгула, — деди А.Кадырбаев.

Жалпысынан жети бала «Самсунг» үлгүсүндөгү планшет жана таттууларды алды, алардын бири “Жомок” балдар бакчасынын тарбиялануучусу.

Жыйындын жүрүшүндө окуучулар өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго каалоо-тилектерин, ал эми ата-энелер ыраазычылыктарын айтышты. Ошондой эле  баткендик балдарга президенттин атынан келген «Самсунг» үлгүсүндөгү планшеттер менен шириндиктерди балдарга облус жетекчилиги тапшырды.

Президенттин белегине ээ болгон Кадамжай районундагы Орозбеков айылындагы мектептин 1-классынын окуучусу Алфинур Гапаров президентке жазган катында ага каалоо-тилектерин айтып, андан президенттик балатыга чакырууну суранган. Алфинур келечекте котормочу болууну кыялданат.

  • Кат жазуума ата-энем жардам берди. Анда президентке ден соолук, ийгилик каалап жазгам. Балатыга да барышымды сурангам. Ал биздин катты окуйт деп ишенгем. Белектер үчүн президентибизге чоң рахмат, — деди Алфинур.

Кадамжайдын Кара-Жыгач айылынын 10 жаштагы тургуну Нурзида Маматраимова президентке арнап төрт сап ыр жазган. Ал президент берген планшетти окуусуна пайдаланаарын айтты. Келечекте акын, журналист болууну саамайт.

Татыктуу президент болуңуз,

Шыдыр болсун жолуңуз.

Ийгилик коштоп ар дайым,

Татыктуу президент болуңуз.

  • Бул президентибизге арналган ырым. Мен ыр жазганга абдан кызыгам. Көбүнчө жаратылыш, ата-эне тууралуу ырларды жазам. Бош убагымда китеп окуп, апама жардам берем. Эми планшеттин жардамы менен дагы билимдүү болом. Президентибизге чоң рахмат, — деди ал.

Кызыл-Кыя шаарынын 12 жаштагы тургуну Бекзат Алимжанов өз катында президенттен таттууларды берүүнү сураган. Бекзат мектепте мыкты окуучулардын катарында. Ал келечекте дарыгер болууну кыялданат.

  • Сооронбай Шариповичке чоң рахмат. Мен сураган нерселердин баары келди. Жазган катымда телефон, конфеттерди сураган болчумун. Эми жакшы окуйм. Президентибиз эч оорубасын, ден соолукта болсун, — деди ал.

Кара-Көл шаарынын тургуну Калымбет уулу Аргенге да президенттин белеги тапшырылды.  Аргендин айтымында, ал жаңы жыл майрамы алдында президентке кат жазып, андан компьютер жана планшет сураган.

  • Телеберүүдөн башка балдардын президентке кат жазгандарын көрүп, мен дагы жазууну чечтим. Мен Сооронбай Шариповичтен планшет менен компьютер белекке сурагам. Өлкө башчынын белегин алганыма абдан кубанып жатам. Президенттин ишине ийгилик каалайм жана анын адилеттүү башчы болуусун тилейм, — деди Арген.

Анын атасы Калымбеттин айтымында, Арген 2-топтогу майып.

  • Баламдын президент С.Жээнбековго кат жазам дегенин угуп, колдодум. Бүгүн мына кыялындагы белегин алды. Ыраазычылык билдирем, — деди ал.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиеванын айтуусунда, Арген Калымбет уулу №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде 8-класста жекече окутулган балдардын тобунда билим алат.

  • Биздин шаарда 31 бала жекече окутулат. Бул топтогу балдар ден соолугуна байланыштуу мектепте окуганга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ар бир мугалим саатына жараша, үйүнө барып окутат. Инклюзивдик топтогу балдар да бар. Алар өздөрү буту менен басып барып, балдарга аралашып окуй берет, — деди ал.

Өлкө башчынын белегин мэр Ильяз Еркеев тапшырды. Ал эми Чүй облусунун Сокулук районунан президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдогон төрт окуучу белектерге ээ болду. Маалым болгондой, президенттин атынан келген планшет жана таттууларды Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова жана райондук мамлекеттик адмнистрациясынын башчысы Б.Саткеев тапшырды.

Белек алган окуучулар:

— Надира Узгенова, Озерная айылынын тургуну, 3-класстын окуучусу;

— Нуркамил Жамалдинов, Селекция айылынын тургуну, 3-класстын окуучусу;

— Гүланда Саидмуратова, Чат-Көл айылынын тургуну, 2-класстын окуучусу;

— Нурсултан Жекшеналиев, Селекция айылынын тургуну, 1-класстын окуучусу.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер