САДЫР ЖАПАРОВГО АНКАРА ШААРЫНДА «АРДАКТУУ ПРОФЕССОР» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 10.06.2021
  • 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

САДЫР ЖАПАРОВГО АНКАРА ШААРЫНДА «АРДАКТУУ ПРОФЕССОР» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

СПТББ президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым эки тараптуу достук мамилелер болорун белгиледи.

САДЫР ЖАПАРОВГО АНКАРА ШААРЫНДА «АРДАКТУУ ПРОФЕССОР» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Мантия салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин  сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.

САДЫР ЖАПАРОВГО АНКАРА ШААРЫНДА «АРДАКТУУ ПРОФЕССОР» НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан СПТББнын Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Түркия Республиканын Президенти Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду. Иш-чара түз эфирде көрсөтүлдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер