ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ: “МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫНА АКЧАБЫЗДЫ МЫНДАН АРЫ ДА АЯБАЙБЫЗ”

  • 04.04.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында Билим берүү жана илим министрлигине быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп берилгенин билдирди. 

ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ: “МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫНА АКЧАБЫЗДЫ МЫНДАН АРЫ ДА АЯБАЙБЫЗ”

«Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүп бердик. Муну менен Билим берүү министрлиги — эң көп каржыланган министрлик болуп калды.

Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50  пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик.

Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү.

Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт.

Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат.

Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт. (чегерилгени 31 миң 333 сом).

Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек.  Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз. Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз!

Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлөт.  Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун.

Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай эжекейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек!

Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз.

Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер!

Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз.

Биздин улутубуздун эртеңки ийгилиги, азыркы мектептерде гана жарала турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Мектепке чейинки билим берүү  мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өстү.

Эми бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлерине өзүнчө токтоло кетейин.

Биз аларды да унуткан жокпуз.

Бул кызматкерлердин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлдүк, алардын айлык акыларын дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулаттык.

Ошентип, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сомду бөлдүк.

Бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөкпулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда.

Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер