ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОШ ОБЛУСУНДА

  • 10.09.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарын кыдыруусун улантууда.

Мектеп жана оорукананын курулушу аяктоо алдында турат

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ Президент Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, коррупция менен күрөшүүдөн келип түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланып жаткан Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты.

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОШ ОБЛУСУНДА

Учурда Ош шаарында андан тышкары 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаровдун айтымында, жугуштуу оорулар ооруканасы жана мектеп ушул жылдын октябрь жана ноябрь айларында пайдаланууга берилмекчи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин лабораториясына барды. Лабораториянын имаратынын курулушу 2018-жылы башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен бүтүп, лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет.

Сооронбай Жээнбеков аталган лабораториянын өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн колдоодо өзгөчө ролун белгиледи.

Санариптештирүү иш сапатын арттырат

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы санариптештирүү маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) мисалында билим берүү системасын жана Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОШ ОБЛУСУНДА

ОшМУда Президент Сооронбай Жээнбеков Ош мамлекеттик университетинде окуп, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул окуу жайында эмгектенген Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейине барды.

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОШ ОБЛУСУНДА

Мамлекет башчысы Рыспай Абдыкадыров менен жакшы тааныш болгонун айтып, анын таланттуу музыкант, композитор гана эмес, ошондой эле жаркын инсан жана элдин сүймөнчүгү экендигин баса белгиледи. Президент музейдин меймандар китебине кол жазмасын калтырды.

Экинчи борбор шаарыбыздын көркүнө көрк кошуучу долбоорлор

Ош шаарында 7000ге чейин адамды жумуш орундары менен камсыздай турган текстиль фабрикасы курулуп жатат. Бул тууралуу Президентке Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жана ишкер Нурбек Осмонов айтып беришти.

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОШ ОБЛУСУНДА

Нурбек Осмоновдун берген маалыматы боюнча, жалпы тартылган инвестициялардын көлөмү 38 миллион АКШ долларынан ашык, анын 970 миллион сому курулушка жумшалган. Фабриканын куруучулары өндүрүшкө өздөрүнүн 19 миллион доллар өлчөмүндөгү каражаттарын жумшап, ошондой эле «РСК Банк» тарабынан 6 миллион доллар өлчөмүндө насыялык ресурстар берилген. Келечекте Кыргыз-орус өнүгүү фонду менен кызматташууну баштоо пландалууда.

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ОШ ОБЛУСУНДА

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев президентке шаардын инфраструктурасын жакшыртуу долбоору — Ак-Буура дарыясынын жээгин бекемдөө жана көрктөндүрүү долбоору жөнүндө айтып берди.

Ош шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн угуп, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүштү.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер