ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: ӨЛКӨНҮН БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮ ТЫШКЫ ЖАНА ИЧКИ ЭМГЕК РЫНОКТОРУНДА ТАЛАП КЫЛЫНГАН АДИСТЕРДИ ДАЯРДАШЫ КЕРЕК

  • 11.02.2019
  • 0

«Өлкөнүн билим берүү чөйрөсү тышкы жана ички эмгек рынокторунда талап кылынган адистерди даярдашы керек. Бул максатта кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдалануу зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейге барганда.

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: ӨЛКӨНҮН БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮ ТЫШКЫ ЖАНА ИЧКИ ЭМГЕК РЫНОКТОРУНДА ТАЛАП КЫЛЫНГАН АДИСТЕРДИ ДАЯРДАШЫ КЕРЕК

Мамлекет башчысы лицейдин иши менен таанышты, окуучулар жана окуу жайдын жамааты менен маектешти.

Президентке лицей маалымат технологиялары, телекоммуникациялар багыттары боюнча жана кардарлар менен иштөө чөйрөсү үчүн квалификациялуу кадрлар даярдай турганын айтып беришти. Андан тышкары, мында КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жиберилген жумушсуздар билим алышат.

Лицейде белгилешкендей, Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында региондордон келген жаштарды окутууга көп көңүл бурулууда. Регионалдык кесиптик-техникалык окуу жайларынын окутуучулары үчүн тренингдер дайыма өтүп турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай практиканы бүт республика боюнча колдонуу зарыл экенин канааттануу менен белгиледи.

Ал келтирген статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча 98 кесиптик окуу жайы болсо, республикада алардын 74 пайызы, ал эми Бишкекте 67 пайызы окуучулар менен толгон эмес. Мектепти бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызы гана ушул кесиптик окуу жайларга окууга өтүшөт.

«Албетте, биздин эл жогорку билимди баалайт, балдарын жогорку окуу жайларда окуткусу келет. Бирок  кесиптик-техникалык окуу жайларына болгон мамилени өзгөртүү керек. Азыр заман тез өзгөрүп, жаңы технологиялар турмушубузга ыкчам аралашууда. Жаштар турмушта өз ордун таап калуу үчүн кесипке ээ болуу да тездикти талап кылууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кесиптик-техникалык окуу жайлар эмгек рыногунда талап-суроосу бар, атаандаштыкка туруштук бере ала турган мына ушундай адистерди даярдоого мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Ошондуктан адистерди даярдоо тармагындагы кесиптик-техникалык билим берүү системасы  бүт өлкөгө кеңири тарашы керек.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер