ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ БОРБОР КАЛААДАГЫ № 87 МЕКТЕПТИН МИСАЛЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 01.09.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Билим күнүндө Бишкек шаарындагы конуштардын биринде жайгашкан № 87 орто мектебине барды.

Мамлекет башчысы бул жалпы билим берүү мекемесинин мисалында билим берүү системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Мектептин директору Жаңыл Исанова окуучулардын окуу процессине санарип технологияларын киргизүү жөнүндө айтып берди.

Ал берген маалымат боюнча, мектепте окуучулардын келип-кетүүсүн каттап турган электрондук системасы (турникет), мектеп окуучуларынын жетишкендиктери жөнүндө электрондук күндөлүк киргизилген. Ошондой эле, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен онлайн сабактарды өткөрүү үчүн толук кандуу шарттар түзүлгөн, класстар интерактивдүү такталар менен жабдылган.

Ал ошондой эле, окуусун мектепте баштаган 1-класстын окуучулары үчүн бардык зарыл болгон санитардык талаптар эске алынгандыгын — алар класста социалдык дистанцияны сактоо менен бир партада бирден окуучу отурарын маалымдады.

Биринчи класстын окуучулары менен баарлашууда Мамлекет башчысы аларды Билим күнү менен куттуктап, мектепте окуунун башталышы алардын жашоосундагы жаңы барак экендигин белгиледи. «Бул силер үчүн маанилүү жана майрамдык күн. Силер узун, татаал, бирок кызыктуу жана керектүү болгон билим жолуна сапарыңарды баштадыңар. Силерге ийгилик жана чыдамдуулукту каалайм», — деп каалоосун айтты Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары, Президент 2-7-класстын окуучуларынын онлайн билим алуу процесси менен таанышып, алар менен баарлашты жана окууларына ийгилик каалады. Ал учурда пандемияга байланыштуу республиканын бардык мектептеринде билим берүү онлайн тартипте жүргүзүлүп жатканын, бирок кырдаал толугу менен турукташканда, балдар адаттагыдай эле мектепке бара башташарын кошумчалады.

Президент ошондой эле мектептин мугалимдер жамааты менен баарлашып, аларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Мугалимдер жамааты аларды түйшөлткөн көйгөйлүү маселелерди айтып беришти. Бул турак-жай менен камсыздоо жана мектеп окуучулары үчүн орундардын жетишсиздиги.

Мамлекет башчысы бюджеттик тармактардын кызматкерлерине, алардын ичинде мугалимдерге ипотекалык насыялоо каражаттарын бөлүүнү көбөйтүү пландары тууралуу маалымдады.

Ошону менен бирге, ал мугалимдердин айлык маянасы алардын бардыгына ипотека менен турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк бербегенин, ошондуктан айлык акыны көтөрүү дагы деле курч маселе боюнча турганын айтты. Мамлекет башчысы өткөн жылы мугалимдердин эмгек акысы 30% га көтөрүлгөнүнө карабастан,  ал дагы деле жетишсиз экендигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жакында 1-4-класстын окуучулары үчүн мектептин кошумча имаратынын курулушу башталарын билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер