ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КАНЫБЕК ИСАКОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 29.10.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алды.

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КАНЫБЕК ИСАКОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

Мамлекет башчысы билим берүү тармагы өлкөнүн өнүгүү процессинде маанилүү орунду ээлей турганын эске салды.

Жолугушууда билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу, мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу, курулушу бүтө элек жана авариялык мектептердин абалы, билим берүү объектилеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурулду. Билим берүү тармагында санариптештирүү процессин тездетүү, кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү жана башка маселелер талкууланды.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билим берүү тармагын өнүктүрүү жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматына ылайык, билим берүү тармагындагы абал дыкат талданып чыкты. Учурда 2020-2030-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты.

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ КАНЫБЕК ИСАКОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

«Өлкө боюнча мектептердин электрондук картасы жана Билим берүү башкармалыктарынын бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Бул өлкөдөгү жалпы мектептер тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга, кырдаалды анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деп белгиледи Каныбек Исаков.

Ал өлкө аймактарын кыдырып, авариялык абалдагы мектептерди жеринен көрүп, таанышып жатканын маалымдады.

Министр белгилегендей, билим берүү тармагын санариптештирүү процесси улантылат. Билим берүү уюмдарына лицензияны электрондук жол менен берүү башталып, мектептерди интернетке кошуу иштери ыкчамдайт.

Электрондук кезек, электрондук күндөлүк сыяктуу санарип технологиялары жайылтылып, «Алиппе ТВ» долбоору колго алынат.

«Мектепке чейинки билим берүү тармагында өсүү тенденциясы бар, бала бакчалар көбөйүүдө. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү колдонуу менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерин көбөйтүүнү максат кылуудабыз. Бүгүнкү күндө балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 40% түзөт, аны 2023-жылга чейин 80% жеткирүү пландалууда», — деп белгиледи Каныбек Исаков.

Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууда дистанттык ыкма киргизилет.

«Келечек мектеби» долбоорун ишке ашыруунун алкагында мектеп окуучуларын дүйнөлүк олимпиадаларга чыгаруу максаттары бар. 30 мектепке киргизилген инновациялык долбоор республика боюнча жайылтылат.

Ошондой эле окутуу программасында окуучуларга улуттук таалим-тарбияны сиңирүү максаты эске алынат.

Окуу китептерин даярдоого катышкан тараптардын милдеттери так аныкталып, жоопкерчилик чаралары күчөтүлдү.

Министр маалымдагандай, жогорку окуу жайларды эл аралык талаптарга ылайыктоо багытында стимулдаштыруу иштери күчөтүлөт. 2024-жылга чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларын эл аралык рейтингге алып чыгуу пландалууда.

Октябрь айынан тартып жогорулаган мугалимдердин айлык акысы тууралуу коомчулукта талкууну эске алып, министр Каныбек Исаков айлык акыны жогорулатуунун көрсөткүчтөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер