ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН АЗЕРБАЙЖАНГА БОЛГОН МАМЛЕКЕТТИК САПАРЫНЫН АЛКАГЫНДА БИР КАТАР ДОКУМЕНТТЕРГЕ КОЛ КОЮЛДУ
- 25.04.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 24-апрелде бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Анын ичинде билим берүү тармагында:
— «Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу”,
— “Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.
Бөлүшүү
Комментарийлер