Президент Садыр Жапаров менен Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет

  • 01.09.2023
  • 0

Бүгүн, 1-сентябрда, президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда биргелешкен курулуш долбоорлорунун башталышын символдоштурган алгачкы үч кыргыз-орус мектебинин курулушуна старт берет.Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Президент Садыр Жапаров менен Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет

Султанбаевдин айтымында, Владимир Путин мезгил кутусун салуу салтанаттуу аземине видеокөпүрө форматында катышат.

Анын маалыматына караганда, долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш иштери долбоорлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат.

«Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат», — деди президенттин басма сөз катчысы.

Бөлүшүү

Комментарийлер