ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АКАДЕМИЯСЫНАН КАБАР АЛДЫ

  • 13.05.2021
  • 0

12-майда Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин жана Президенттин Администрациясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда «Алтын түйүн» балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясына барды. Бул жылы академия өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгилейт.

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АКАДЕМИЯСЫНАН КАБАР АЛДЫ

Садыр Жапаров Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин 4.0 мууну деп аталган келечектеги инженерлерди жана конструкторлорду тарбиялап чыгаруучу ушул сыяктуу академия жигердүү иштеп жаткандыгына таң калгандыгын жашырган жок.

Ал робототехника, компьютердик графика жана 3-D моделдөө окуу лабораторияларына, пескография, астрономиялык клуб, чыгармачылык өнөрканалар менен таанышып, планетарийдин ишине күбө болуп, педагогдор жана балдар менен алардын ийгиликтери, жетишкендиктери жана келечекке койгон пландары тууралуу баарлашты.

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АКАДЕМИЯСЫНАН КАБАР АЛДЫ

Жолугушуунун көз ирмемдери эсте калышы үчүн БРИТАнын жаш конструкторлору мамлекет башчысына өздөрү жасаган роботту эстеликке тартуулашты.

Академияга экскурсия жасагандан кийин Садыр Жапаров «Алтын түйүндүн» тарбиялануучулары, академиянын «Заманбап техникалык билим берүү» кафедрасынын мүчөлөрү жана кыргызстандык окумуштуулар менен жолугушту. Ал өз сөзүндө Кыргызстанда балдардын техникалык чыгармачылыгы жана билим берүүсү канчалык маанилүү экендигин баса белгилеп, өлкөбүздүн инженердик-техникалык элитасын даярдоого «Алтын түйүндүн» кошкон салымы туурасында айтып, мааракеси менен куттуктады.

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АКАДЕМИЯСЫНАН КАБАР АЛДЫ

Жолугушууда профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Камчибек Кожогулов «Алтын түйүн» БРИТАга балдардын техникалык билим берүүсүнө жана чыгармачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Улуттук академия статусун ыйгаруу жөнүндө маселени кароого сунуштады. Бул сунушту мамлекет башчысы колдоп, тийиштүү Жарлык чыгарарын айтты.

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АКАДЕМИЯСЫНАН КАБАР АЛДЫ

Мындан тышкары Президент окуу лабораторияларын жабдууга жана БРИТАнын тарбиялануучуларынын эл аралык иш-чараларга катышуусуна Академиянын бюджетин кеңейтүүнү буйруду. Өлкө башчысы «Алтын түйүн» академиясынын филиалдарын областтардын борборлорунда ачуу маселесин иштеп чыгууну дагы тапшырды. Аны менен бирге, академиянын тарбиялануучулары менен окутуучулардын каалоо-тилектерин эске алуу менен, Президент Садыр Жапаров окуучулардын спорт сабактары жана эс алуулары үчүн мекеменин аймагында футбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле окуу максаттары үчүн заманбап планетарий куруларын дагы белгиледи.

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АКАДЕМИЯСЫНАН КАБАР АЛДЫ

Академиянын педагогдору мамлекет башчысын өлкөдө инженердик-техникалык билим берүүгө мындан ары дагы көңүл буруусун, Кыргызстан агрардык эле эмес, технологиялык өлкө катары дагы таанылышына өбөлгө түзүүсүн өтүнүштү. Педагогдор аталган маселе боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, академиянын андан аркы ишин модернизациялоо боюнча бир катар каалоо-тилектерин айтышты.

ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АКАДЕМИЯСЫНАН КАБАР АЛДЫ

Мындан тышкары мамлекет башчысы академиянын татыктуу тарбиялануучуларына Президенттик стипендия бөлүүнү, ошондой эле «Алтын түйүн» БРИТА демилгелеген «ШКУ балдары илим жана техника дүйнөсүндө» эл аралык конкурсун күзүндө өткөрүүнү тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер