ПРЕЗИДЕНТ НАРЫНДА ЗАМАНБАП МАДАНИЯТ БОРБОРУН АЧТЫ
- 07.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы жаңы инновациялык-креативдик борбордун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. 
Мамлекет башчысы жаңы имараттын инфраструктурасы жана комплексте түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышып чыкты. Борбордун ичинде заманбап китепкана, музей, инновациялык теле жана аудио студиялар, кино-концерттик зал, коворкинг жана IT-зоналар, ошондой эле соода аянтчасы жайгаштырылган. 
Президент Садыр Жапаров бул комплекс маданият, билим берүү жана чыгармачылык тармактарын бириктирген жаңы коомдук мейкиндикке айланарын канааттануу менен белгиледи. Борбордун негизги ишмердүүлүгү шаар тургундарынын, өзгөчө жаш муундардын билим алууга, инновациялык, маданий жана чыгармачылык демилгелерин ишке ашырууга багытталат. 
Иш-чарада Мамлекет башчысы символдук тасманы чечип, борбордун расмий ачылышын белгиледи. Аймак тургундары жана маданият өкүлдөрү заманбап борборду ачып бергендиги үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.
А.К., «КБ»



