ПРЕМЬЕР-МИНИСТР САДЫР ЖАПАРОВ ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУ ТААНЫШТЫРДЫ

  • 11.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Улан Ниязбековду Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өздүк курамына тааныштырды. 

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР САДЫР ЖАПАРОВ ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУ ТААНЫШТЫРДЫ

Премьер-министр Улан Ниязбековдун ишине ийгилик каалап, жеке кесиптик сапаттарына, билимине, тажрыйбасына жана кызматына жоопкерчилик менен мамиле кыларына ишенерин билдирди.

«Ички иштер органдарынын иши калктын милицияга болгон ишенимин чыңдоого багытталууга тийиш. Ички иштер органдарынын өздүк курамынын биргелешкен ишинин аркасында гана алдыга коюлган максаттарга, анын ичинде өлкөдө кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө болот. Ар бир жаран оор учурда ар кандай кылмыштын бетин ачууга жөндөмдүү, чынчыл жана кесипкөй милиция кызматкерлери жардамга келээрине ишениши керек», — деди Премьер-министр Садыр Жапаров.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер