ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ: ЭНЕРГЕТИКА, ӨНӨР ЖАЙ ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫНДА РЕФОРМА ЖАСАЛМАЙЫНЧА ЭКОНОМИКАНЫН ӨСҮШҮ МҮМКҮН ЭМЕС

  • 13.02.2020
  • 0

Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы тармактарында реформа жасалмайынча экономиканын өсүшү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча өткөргөн коллегиясында билдирди.

Өкмөт башчы коллегияда мекеменин ишинин жыйынтыктарын жана дээрлик активдүү аракетти талап кылган негизги көйгөйлүү маселелерди белгилөө керектигин айтты.

«Албетте, натыйжа бар жана ал жаман эмес. Бирок өлкөнүн экономикасына алда канча чоң пайда алып келүү мүмкүнчүлүгү бар тармактар тууралуу сөз болууда. Мисалы: тоо кен тармагы. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 20,7% түздү, анын ичинен «Кумтөрдүн» үлүшү 18% бир аз көп болду. 2019-жылы  өлкөдө 3 миңге жакын жумуш орунун түзүүнү шарттаган 173 ишкана ишке кирди. Буларды ичинен үчөөнү  гана жүзөгө ашырууда мекеменин таасири тийди, калгандары — өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча аракеттердин жыйынтыгы. Бул мекеме өз милдеттерин толугу менен аткара албай жатканын айтып турат. Инвестор менен жергиликтүү элдин ортосунда чыккан маселе – бул дагы жетишсиз денгээлде жасалган аракеттин жыйынтыгы, анткени элге кайсы бир өндүрүш ишканасынын максаты, милдеттери, жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн пайдасы тууралуу маалыматтер жеткен эмес», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр тоо кен жана энергетика тармактары жергиликтүү экономиканын өсүшүндө маанилүү роль ойнорун баса белгиледи.

«Жылда коммерциялык жана техникалык жоготуулар жогору экенин айтабыз, бирок кырдаалды өзгөртүү үчүн реалдуу кадам жасалбай жатат. Быйыл суу аз болору айтылууда, кырдаалдан кандайдыр бир жол менен чыгышыбыз керек да. Канча жылдан бери чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү тууралуу айтып келе жатабыз, бирок бул багыттын өсүшү үчүн конкреттүү иштердин планы жок. Ата мекендик экономиканын үч багыты – энергетика, өнөр жай жер казынасы, анын кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Бирок бул тармактарды өнүктүрүүнүн жаңы баскычына чыгарууга мүмкүнчүлүк түзө турган реалдуу сунуштар, кадамдар жетишсиз болууда. Иш ачык эмес, чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер жасалбайт. Тыянак чыгаруу зарыл», — деп Премьер-министр сөзүн жыйынтыктады.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер