ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МАРИПОВ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ СЕРГЕЙ КРАВЦОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 15.03.2021
  • 0

«Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары билим берүү тармагы саналат. «Чет өлкөдөгү россиялык мугалим» сыяктуу билим берүү-гуманитардык долбоору орус тилин үйрөтүүнүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берип, педагогикалык тажрыйба алмашууну ыкчамдатып, окутуудагы жаңы технологияларды ишке киргизүүгө жол ачат», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы россиялык тарапка Кыргыз Республикасында орус тилинде билим берүүчү мектептерди куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МАРИПОВ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ СЕРГЕЙ КРАВЦОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

«Эки тараптуу макулдашуунун негизинде биздин жарандар россиялык ЖОЖдордо гранттык негизде билим алып, өз кесипкөйлүгүн жогорулатууга жана биргелешкен долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк алууда. Биздин өлкөнүн мектептеринде ар кыл предметтер боюнча билим берүүчү россиялык окутуучулардын миссиясы – оңдуу натыйжа берүүчү жаңы багыт болуп саналат. Аталган долбоор биздин мектеп окуучуларыбыздын арасында орус тилин билүү деңгээлин жакшыртууга шарт түзөт деп ишенем», — деди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде Сергей Кравцов билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында биргелешкен билим берүү инфраструктурасын түзүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

«Россия Федерациясы кыргыз тарапка аталган долбоорду ишке ашырууда максималдуу көмөк көрсөтөт. Биз оңдуу натыйжа алып келүүчү көптөгөн программалар боюнча тажрыйба бөлүшүүгө даярбыз. Сегиз мектепти куруу пландаштырылууда, алдыда алардын жайгашуусуна байланыштуу маселелерди тыкыр иликтеп чыгуу боюнча иштер турат», — деди Сергей Кравцов.

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МАРИПОВ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ СЕРГЕЙ КРАВЦОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Премьер-министр билим берүү обьектилеринин жайгашуу ордун тандоодо орус тилдүү мектепке карай курч муктаждык орун алган аймактарды эске алуу керектигине басым жасады.

Улукбек Марипов Өкмөт тарабынан жаңы мектептерди курууга байланыштуу маселелерди чечүүгө тийиштүү көмөк көрсөтүлөт деп ишендирип кетти.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги ортосунда Кыргыз Республикасында биргелешкен билим берүү инфраструктураларын түзүүдө кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган, анын алкагында тараптар республикада биргелешкен билим берүү мекемелерин куруу, түзүү жана иштетүү боюнча биринчи кезектеги Иш-чаралар планын бекиткен.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер