ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МАРИПОВ КЕҢЕШ АЙЫЛЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУНУН КУРУЛУШУНА КАПСУЛА САЛУУГА КАТЫШТЫ

  • 14.03.2021
  • 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарынын курамына кирген Кеңеш айылындагы билим берүү борборунун курулушуна капсула салууга катышты. 

Баасы 800 миң АКШ доллары турган борбордун курулушу Бүткүл дүйнөлүк жаштардын мусулмандар ассамблеясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул билим берүү борбору – 500 окуучуга эсептелген мектеп, административдик, лабораториялык, спорттук корпустар жана башка кошумча имараттар жайгашкан бүтүндөй бир комплекс.

Өкмөт башчы ушул өңдүү социалдык объектилердин курулушунун маанилүүлүгүн белгилеп, инвесторлорго билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз дени сак, билимдүү жана күчтүү жаштарды тарбиялоого кызыкдарбыз. Жарандарыбыз бул сыяктуу заманбап билим берүү борборлорунан терең билим алып, мамлекеттин бакубатчылыгы үчүн эмгектенүүгө умтулат деп ишенебиз», — деди Улукбек Марипов.

Андан соң Премьер-министр Кара-Суу районундагы Кең-Сай айылында жайгашкан 375 окуучуга эсептелген орто мектептин курулушу көрүп чыкты.

Өкмөт башчыга билим берүү мекемеси пайдаланууга берүүгө даярдыгын, бирок жалданма компаниялардын алдында 6 млн сом өлчөмүндө карыз төлөнбөй калганын маалымдашты. Улукбек Марипов жаңы окуу жылынан баштап балдап заманбап мектепте окуп баштоосу үчүн каржылоо маселесин ыкчам тартипте чечүүнү тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды. Ал азыркы тапта балдар окуп жаткан мектептин эски имаратын балдарга мектепке чейинки билим берүү мекемеси кылып берүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады

 

Бөлүшүү

Комментарийлер