КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОЛЛЕДЖДЕРДИН ӨКҮЛДӨРҮ СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ
- 26.11.2019
- 0
Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү стратегиялык пландоо аны баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча окутуудан өтүштү.
“Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасы” жардамында уюштурулган семинардын катышуучулары учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүүнү, стратегиялык максаттарды, милдет жана иш-аракеттерди иштеп чыгууну үйрөнүп, стратегиялык башкаруу инструменттери менен таанышты.
Окутуу орто кесиптик билим берүүнүн потенциалын жогорулатуу жана республика боюнча Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүү иш-чарасынын алкагында өткөрүлдү.
Билим берүү жана илим министрилигинин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер