ПРАКТИКТЕР ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

  • 08.12.2022
  • 0

2022-жылдын 8-декабрында Билим берүү жана илим министрлигинде Борбордук Азиянын Евразия фонду инклюзивдик билим берүү тажрыйбасы боюнча жолугушуу болуп өттү.

ПРАКТИКТЕР ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

Иш-чара ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ийгиликтүү социалдашуусу, коомго толук кандуу катышуусу үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу шарттарын ишке ашырууга багытталган.

Жолугушууга райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, 56 пилоттук жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, педагогтору катышты.

ПРАКТИКТЕР ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШТЫ

Жолугушууда Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева төмөнкүлөргө токтолду :

  • Инклюзивдүү билим берүүгө бир гана мектеп, мугалимдер эмес, ата энелер да салым кошуусу абдан маанилүү. Ошондой эле мугалимдер да өз кезегинде психолог болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөндөмдөрүн көрө билип, кайсы нерсеге шыктуу экенинин аныктап, ошого жараша жол көрсөтүү керек- деди.

Жолугушууда катышуучулар презентацияларды көргөзүп, өз мектептеринде кандай иштер аткарылып жаткандыгы, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга дагы кандай усулдар менен натыйжалуу билим берүү керектиги тууралуу иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер