МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ МИНИСТР ГУЛЬМИРА КУДАЙБЕРДИЕВАНЫН КУТТУКТООСУ

  • 23.05.2019
  • 0

Кымбаттуу 2018-19-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү!

Баарыңарды акыркы коңгуроо майрамыңар менен чын дилимден куттуктайм!

Силер ата-энеңер жана мугалимдериңер менен жашооңордун эң маанилүү бөлүгүн басып өттүңөр. Эми өз мектебиңер менен коштошуп, чоң турмушка аттанып жатасыңар.

Алдыда көптөгөн эшиктер ачылып, зор мүмкүнчүлүктөр жаралат. Эң башкысы — туура чечим кабыл алып, көңүлүңөргө жаккан келечек кесипти тандап алуу. Бул кадамыңардан Кыргызстандын эртеңки күнү, экономикабыздын бакубаттуулугу көз каранды. Ошондуктан аталган маселеге олуттуу мамиле кылып, жоопкерчиликтүү болгула.

Азыркы заман – билимдин, маалыматтык технологиянын, көп тил билүүнүн мезгили.  Интеграциянын заманы. Сиздер ушул мезгил менен кошо кадам шилтеп, Кыргызстандын билимдүү, адептүү жана маданияттуу жаштарынан болосуздар деген ишеним зор. Анткени XXI кылымдын талаптарына жооп берген, билимдүү, жөндөмдүү, кесипкөй жарандар  — бул өлкөнүн негизги өнүгүү шарты болуп саналат.

Мектепте окуган  жылдардын жыйынтыгын чыгарып, билимиңерди тереңдетип, жаңы багыт алганы турасыңар. Жолуңар байсалдуу болсун. Келечегиңер кең, эгемендүү Кыргызстандын бактылуу жаштарынан болушуңарга тилектешмин!

Окуучуларды окутууда  жетишкендиктерге  жеткен педагогикалык жамааттардын  ишин белгилеп кетким келет. Акыркы жылдары  жалпы  республикалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөрдүн жана республикалык, эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын саны өсүп жатканы кубантпай койбойт.

Урматтуу кесиптештер, сиздердин окуучуларыңыздардын жетишкендиктери — бул, албетте, сиздердин эмгегиңиздердин үзүрү.

Баарыңыздарды окуу жылынын жыйынтыкталышы менен куттуктап,  чын ден-соолук, бакубаттуулук жана таланттуу окуучуларды каалайм!

МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ МИНИСТР ГУЛЬМИРА  КУДАЙБЕРДИЕВАНЫН КУТТУКТООСУ

Урматым менен,

Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министри  Г.К. Кудайбердиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер