ПОЭЗИЯ ЗОМБУЛУККА КАРШЫ  

  • 29.12.2021
  • 0

 «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү иш-аракеттердин» алкагында аймактардагы “Поэзия зомбулукка каршы” кербени жыйынтыкталды. «Поэзия зомбулукка каршы» кербени “Теңдик нуру” глобалдык демилге тарабынан уюштурулду. Программа БУУнун Туруктуу Координаторунун Кеңсесинин жалпы координациялоосу жана агенттиктердин – БУУнун Аялдар, БУУнун Өнүктүрүү Программасы, БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, БУУнун түздөн-түз катышуусу,  ошондой эле калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) Европа Бирлигинин (ЕБ) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Ал эми аткаруучу өнөктөштөр “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана “Ысык-Көл сабаты” коомдук бирикмеси болду.

  ПОЭЗИЯ ЗОМБУЛУККА КАРШЫ  

2021-жылдын 14-декабрынан 17-декабрга чейин Ош, Нарын жана Бишкек шаарларында «Поэзия зомбулукка каршы» кербени өттү. Акциянын алкагында гендердик зомбулук жана ага каршы аракеттердин маанилүүлүгү темасында акындардын чыгармалары жаңырды.

Иш-чарага «Поэзия сени сүйөм» поэтикалык жыйнактын автору, «Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын ээси, белгилүү акын, журналист — Нуркыз Рыскул кызы, А.Осмонов атындагы адабий сынактын ээси, белгилүү акын, бир канча китептин автору, алып баруучу — Акбар Кубанычбеков, белгилүү акын, А.Осмонов атындагы, Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктардын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, бир канча китептердин автору — Бердибек Жамгырчиев, белгилүү акын, түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар союзунун Кыргызстандагы жетекчиси, Мевлана Желаледдин Руминин 800 жылдык мааракесине арналган республикалык мелдештин баш байге ээси, Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун «Беш акын» телетаймашынын жеңүүчүсү — Алтынбек Исмаилов, Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын лауреаты,  “Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү — Мелис Маматжан уулу катышышты.

— Акындар поэзия аркылуу эл үчүн маанилүү жана актуалдуу маалыматтарды түркүн түстүү, эмоционалдуу, калыс жеткире алышты. Поэзия кербенинин программасына ылайык ар бир аймакта беш акын 30дан ашуун ыр окуп, миңдеген адамдарды ойго салып, жүрөктөргө жетип, катышуучулардын жан дүйнөсүн аруулантышты. Кээ бир көрүүчүлөр өздөрүнүн турмушунан чагылдырылган ыр сыяктуу көздөрүнө жаш алып, терен таасирленүү менен толкунданганын жашырышкан жок. Аймактарда көптөгөн жаштар акындардын ырларын авторлор менен биргеликте жатка айтып жатышканын белгилеп кетүү керек, — дейт “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева.

«Поэзия зомбулукка каршы» кербенинин максаты – өлкөнүн аймактарындагы жаштардын гендердик зомбулукка чыдамсыздык маданиятын өнүктүрүү жана аны алдын алуунун маанилүүлүгү боюнча маалымдоо болуп саналат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер