ПИЗА ЖАНА УЧУРДАГЫ КЫРДААЛ

  • 07.12.2020
  • 0

Казакстандын “Назарбаев интеллектуалдык мектептери” ААК эл аралык жана Казакстандын билим берүү жаатындагы эксперттеринин подкасттар түрмөгүн даярдап жатат.

Бул подкасттын биринчи мейманы — Андреас Шляйхер, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун Билим берүү департаментинин жетекчиси. Шлайхер мырза Окуучуларга эл аралык баа берүү программасынын жана билим берүү саясаты менен практикасын жаӊыртуу, өзгөртүү боюнча ар кайсы өлкөлөрдөгү, маданияттардагы саясатчылар, изилдөөчүлөр, окутуучулар үчүн түзүлгөн башка эл аралык долбоорлордун куратору.

“Билим берүүдөгү көнүмүш нерселерден баш тартуу – билим берүүнү кайра аӊдап билүү” (Education disrupted – education rethought) темасындагы поткастта Андреас Шлайхер пандемиянын дүйнөдөгү жана Казакстандагы кесепеттери, жаӊыдан пайда болуучу кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз кылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер