ПИТЕРДЕГИ МЕКЕНДЕШТЕР МЭЭРИМГЕ МУКТАЖ БАЛДАРГА КОЛ СУНДУ

  • 08.12.2022
  • 0

Санкт-Петербург шаарында өткөн ХlХ Эл аралык мини-футбол турниринде Чүй жатак-мектебинин тарбиялануучусу Никита Талипов «Эң мыкты гол» номинациясында жеңүүчү аталды.

ПИТЕРДЕГИ МЕКЕНДЕШТЕР МЭЭРИМГЕ МУКТАЖ БАЛДАРГА КОЛ СУНДУ

Орусиянын эң кооз шаарына, анан да мына ушундай зор масштабдуу спорттук таймашка биринчи жолу катышып жаткан кыргызстандык өспүрүм үчүн мындай ийгилик албетте күтүүсүз болду.

— Невадагы шаар, анын ачылып-жабылма көпүрөлөрү, эски архитектуралык курулуштары кадимки жомоктогудай экен. Абдан таң калдык. Турнирден болсо, көп нерсени үйрөндүм. Кийинки жолкусунда командабыз менен жеңүүчү болобуз, — дейт өспүрүм.
Айта кетсек, Санкт-Петербург шаарындагы бул эл аралык турнир бир топ жылдардан бери өткөрүлүп жүрөт. Башка өлкөлөрдү айтпаганда да, жаныбыздагы Казакстан, Өзбекстан командалары турнирге такай катышып, олуттуу тажрыйба топтогонго жетишти. Кыргызстандан болсо, бир да команда ушуга чейин катышкан эмес. Чүй жатак-мектебинин футбол командасы быйыл 20 команданын арасынан тогузунчу орунду ээлеп, мыкты ондуктун катарына кошулду.

— Питердеги ОСОО «КЛИППЕРС» ишканасынын жетекчиси Нуржан аттуу мекендешибиз 10 балага жана үч тарбиячыга 600 миң рублга билет алып берди. Турнир өтчү залдын полу тайгак экен, биздин балдардын кийгени жарабай, ал жактагы кыргыз жаштар дароо атайын спорттук бут кийимди дүкөндөн таап, тартуу кылышты. Чет жерде иштеп жүрсө да, мекенин унутпаган жаштардын меймандостугун көрүп, жакшы маанайда үйгө кайттык, — деп айтты «Манас» эл аралык аэропортундагы журналисттерге берген маегинде Чүй жатак-мектебинин директору Назгүл Мусаева.

Назгүл Мукашевнанын айтуусунда, Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы консулдугунун кызматкерлери турнирдин башталышынан бүткөнгө дейре мээримге муктаж балдарга көңүл буруп, камкордукка алыптыр.
— Консулдуктун кызматкери Рустамга,  Питердеги аялдар жамаатынын лидери Нургүлгө, Кусейин, Рыспек аттуу мекенчил жигиттерге, анан албетте башкы демөөрчүбүз Нуржанга терең ыраазычылык билдирем. Алар балдарды океанариумга, кинотеатрга алып барышты, — деди Назгүл Мукашевна.

Питерден кайткан өспүрүмдөрдүн бүгүнкү кубанычы тоодой. Өспүрүмдөрдүн баарынын колунда — жапжаңы телефондор. Буларды да Питерде эмгектенген кыргызстандык жаштар белек кылышканын билдик.

Назгүл Мусаева сөзүнүн аягында, спорттук сапардын ийгиликтүү болушунда жергиликтүү бийлик органдарынын салымы, колдоосу эбегейсиз болгонун баса белгиледи.
— Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жыргалбек Тургунбекович Шакиев, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан Элиза Дүйшөнкуловна Исмаилова «Питерди көрүп келгендин өзү эле мээримге муктаж балдарга кандай зор мотивация» дешип, колдорунан келген бардык жардамды бизден аяшкан жок. Биз аларга абдан ыраазыбыз, — деди Чүй жатак-мектебинин жетекчиси.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер