PISAга ДАЯРДЫК: МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТУУ, КОМПЬЮТЕРЛЕРДИ САТЫП АЛУУ, ТЕСТТЕРДИ ИШТЕП ЧЫГУУ
- 02.12.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 27-30-ноябрда Хорватиянын Дубровник шаарында өтүп жаткан PISAга катышкан өлкөлөрдүн башкаруу кеңешинин 58-отурумyна катышты.
Бул PISA боюнча стратегиялык мүнөздөгү негизги саясий чечимдерди кабыл алган отурум.
Иш-чаранын алкагында министр PISAны өткөргөн Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун Билим берүү жана көндүмдөр департаментинин башкы директору Андреас Шляйхер менен жолугушуп, Кыргызстанда сынакты өткөрүү процесси боюнча баарлашты.
“Отурумга катышкан өлкөлөр 15 жаштагы окуучулардын көндүмдөрү эмгек рыногунун талабына жооп береби, COVID-19 пандемиясынан кийинки билим сапаты кандай болот деген суроолорго тынчсызданууда. Пандемиядан кийинки көрсөткүч сөзсүз төмөн болушу мүмкүн. Анткени планета боюнча 1.5 млрд бала узак мөөнөткө билим алуу процессинен үзгүлтүккө учураган. Анын ичинде биздин өлкө да бар. Андыктан эмдиги жылы өтө турган сынакка жапырт дарярданышыбыз керек. Ар бирибиз балдарыбыздын сыноодон татыктуу өтүшүнө шарт түзөлү. Сапаттуу билимди калыптандыруу бир гана мектептин, мугалимдин милдети эмес. Окуучунун билим алууга шыктандырган чөйрөсү – анын үй-бүлөсү. Сынакка даярдыктын алкагында 1200 мектепке компьютердик класстар түзүлдү. Миңдеген мугалимдерди окутуп, колдоно турган сынамык тесттер иштелип чыккан”, — деди министр.
Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө Догдуркүл Кендирбаева Хорватиянын илим жана билим берүү министри Радован Фукс менен жолугушту. Анда билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданий мурасты окуу программаларына интеграциялоо ыкмаларын талкуулап, ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүштү.
Д.Кендирбаева Гонконгдун Өкмөтүнүн билим берүү боюнча катчысынын орун басары Чой Юк-Лин менен да жасалма интеллект, санариптештирүү жана квота боюнча бир катар маселелерди талкуулады. Чой Юк-Лин министрдин бардык сунуштарын расмий түрдө карап, иштеп чыгарын айтты.
PISA — окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа. Мындан ары PISA төрт жылда бир жолу (мурда үч жылда бир жолу) өткөрүлөт жана кийинки сыноо 2029-жылы өтөт. Ал өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүн көтөрө турган жаштардын көндүмдөрүн аныктайт. Эмгек рыногуна эң керектүү көндүмдөр болгон функционалдык сабаттуулук аныкталат.
Комментарийлер