PISA ЭМНЕНИ БААЛАЙТ, АГА КАТЫШУУ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРЕТ? МААНИЛҮҮ ОН ЖАГДАЙ
- 28.02.2024
- 0
Кыргызстан 2025-жылы өтө турган окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катышат. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги PISA — 2025ке даярдануу боюнча жол картага ылайык, иш чараларды өткөрүп келүүдө. Эл аралык баалоо программасы боюнча коомчулукка толук жана так маалымат жеткирүү максатында PISA боюнча эң маанилүү суроолорго жооп беребиз.










