PISA-2025: КЫРГЫЗСТАН 11 ПОЗИЦИЯГА КӨТӨРҮЛҮП, 91 ӨЛКӨНҮН ИЧИНЕН 80-ОРУНДА
- 08.09.2026
- 0
PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыктары расмий жарыяланды. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын маалыматына таянсак, быйылкы баалоодо Кыргызстан мурунку көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 11 позицияга алдыга жылып, 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи.
Учурда жыйынтыктарды жарыялоо иш-чарасына катышуу үчүн Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Братислава шаарында.

Дүйнө жүзү боюнча жалпы 762 миң окуучуну камтыган бул ири изилдөөдө Кыргызстандын орточо көрсөткүчтөрү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 баллды, математикалык сабаттуулук боюнча 364төн жогору жана окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллдан жогору жыйынтыкты түздү. Надира Жусупбекова өлкө буга чейин аталган баалоого 2006 жана 2009-жылдары катышып, рейтингдин акыркы саптарында болгонун эске салып, бул ирет катталган өсүш статистикалык жактан абдан маанилүү экендигин баса белгиледи. 
«Бул изилдөөгө шаардык гана күчтүү гана мектептер катышкан жок. Ар кайсы региондогу алыскы, жакынкы, шаардык, айылдык мектептердин баары катышкан. Мисалы, Баткен облусунан он жети, Ош облусунан отуз төрт, Ош шаарынан он, Жалал-Абад облусунан отуз беш, Чүй облусунан жыйырма тогуз, Бишкек шаарынан отуз алты, Нарын облусунан он эки, Ысык-Көл облусунан он алты жана Таластан тогуздан ашуун мектеп катышкан. Ушул маалыматты өзгөчө белгилеп кеткибиз келет. Экинчиден, токсон бир өлкө катышты. Күчтүү экономикасы менен абдан чоң мамлекеттер катышты. Биз ошолордун арасында катыштык. Эми 2016, 2019-жылкы жыйынтыктан 2025-жылкы жыйынтык абдан чоң позитивдүү натыйжа бар».
Министрдин орун басары бул көрсөткүч соңку 3-4 жылдагы мамлекеттик деңгээлде көрүлгөң масштабдуу комплекстүү чаралардын натыйжасы экенин айтты.
«2022-жылдан гана баштап комплекстүү иш-чаралар көрүлө баштады. Комплекстүү жакшы колдоо көрсөтүлүп, каржылоо абдан жогорулап, мугалимдердин окутуу онлайн жана оффлайн форматка которулуп, программаларды жаңыланды. Мугалимдерге ноутбук берилип, эмгек акысы жогорулады жана башка көп аракеттер жасалды. Бул бул биринчи кадамга абдан сүйүнүшүбүз керек. Он бир позиция деген оңой эмес».

Белгилей кетсек, Кыргызстан 16 жылдык тыныгуудан кийин, 2025-жылдын апрель айында PISA изилдөөсүнө кайрадан катышкан. Ага өлкөбүздүн 199 мектебинен 7500дөн ашуун окуучу катышты. Тандоого республиканын ар кайсы аймактарындагы жана ар түрдүү типтеги билим берүү уюмдары, анын ичинде шаардык, айылдык жана алыскы аймактардагы мектептер киргизилген. Дагы бир өзгөчөлүгү – өлкөбүз бул сыноого алгачкы жолу компьютердик форматта катышты. Тестирлөө кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде эл аралык талаптарга ылайык которулуп, адаптацияланган материалдар менен жүргүзүлдү.
PISA — бул дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулардын билим деңгээлин жана алган билимин күнүмдүк турмушта колдоно билүүсүн баалаган эл аралык изилдөө. Жөнөкөй айтканда, PISA окуучунун сабактан жаттап алганын гана эмес, үйрөнгөн билимин турмушта пайдалана алабы, маселени өз алдынча чече алабы, маалыматты талдап, туура жыйынтык чыгара алабы деген суроолорго жооп издейт. Изилдөө негизинен окуу, математика жана табигый илимдер боюнча окуучулардын практикалык көндүмдөрүн баалайт.
А.К., «КБ»