PISA -2025: КАРА-СУУДА ЭКИ МЕКТЕП КАМТЫЛДЫ
- 07.04.2025
- 0
Ош облусунун Кара-Суу районунда окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) негизги изилдөөсүнө Савай айыл аймагындагы №14 Ж.Турусбеков, Датка айыл аймагындагы №124 орто мектептери камтылды.
Тест координаторунун айтуусунда аталган негизги изилдөөгө эки мектептен 50 окуучу катышууда. Тарыхый мааниси бар бул иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу С.Ысаков, окуу-методикалык каанасынын усулчулары жана мектеп директорлору катышып, окуучуларга жакшы каалоо-тилектерин айтып, ийгилик каалашты.
Белгилей кетсек, бул изилдөөгө жалпы республика боюнча 197 мектеп тандалып алынган.
Эламан ЖАНЫШОВ, Кара-Суу району
Бөлүшүү
Комментарийлер