“PISA – 2025” ИЗИЛДӨӨГӨ ДАЯРДЫК
- 19.10.2022
- 0
Манас районундагы Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектептин базасында « PISA – 2025ке даярдык” темасында мектеп директорлорунун райондук семинары болуп өттү.
Бул семинарга райондук билим берүү бөлүмү жана бардык мектеп директорлору катышты.
Салтанат Бейшенованын маалыматына ылайык, семинардын максаты — мугалимдерге PISA-2025 жөнүндө түшүнүк берүү, PISAнын алты сабаттуулукка бөлүнүшү боюнча, кайсыл сабактан кайсы сабаттуулуктар колдонулаарын түшүндүрүүнү көздөдү.
Мугалимдер тренингде алган билимин сабакта колдонуп, окуучуларды PISA-2025 тестине даярдоо керек экенине кенен түшүнүк алышты.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер