PISA-2025 ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨ СОКУЛУКТА ЖАНА ТАЛАС ШААРЫНДА ӨТҮП ЖАТАТ
- 09.04.2025
- 0
8-апрелде Сокулук районунда «PISA — 2025» изилдөөсүнүн тестирлөөсү старт алды. Район боюнча жалпы 9 мектептен 354 окуучу тандалып алынган. Райондо тестирлөө 8-апрелден 15-апрелге чейин жүргүзүлөт.
СРМА башчысы аким Ташкулов И.А. жана Сокулук РБББ башчысы Сатарбаева Т.С. тестирлөөнүн биринчи күнүндө катышуучуларга ийгилик каалап, тестирлөөнүн өтүшүнө болгон даярдыкка күбө болуп кайтышты.
— 9-апрелде Талас шаарындагы Абдуллаев Сагын атындагы №6 орто мектебинде PISA-2025 изилдөөсү башталды. Буга чейинки тынымсыз жүргүзүлгөн даярдыктар натыйжасын берип, балдар ийгиликтүү тапшыруусуна тилектешпиз, — дейт Талас облустук усулдук борборунун жетекчиси С.Бейшенова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер