PHD ИЛИМИЙ ДАРАЖАСЫ КЫРГЫЗСТАНДА ТААНЫЛАТ

  • 29.10.2020
  • 0

Чет өлкөдөн алынган PHD илимий даражасын Кыргызстанда таануу боюнча жакында Өкмөттүн Токтому чыгат. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тийиштүү документке кол коюп, өкмөткө жөнөткөнүн Фейсбуктагы түз эфир аркылуу жарандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Илимий иштерди жактоодо бир катар кыйынчылыктарга тушугуп жатабыз, өзгөчө кыргыз тили, адабияты адистиги боюнча жактай турангандарга чет мамлекеттин илимий журналдарынан макалалар чыгарылсын деген талапты алып салуу маселесин карап берсениз», — деген илимпозго, бул маселе жеринде каралаарын, ЖАКтын төрайымы менен сүйлөшүп, өз сунушун берерин билдирди.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер