ПЕЙИЛИҢ ЖУМШАК, ЖАЙДАРЫ ЭЛЕҢ НАРГИЗА!

  • 20.01.2023
  • 0

16-январда эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң кайгылуу окуя Дача Су конушундагы авиа кырсыкка 6 жыл толду.

ПЕЙИЛИҢ ЖУМШАК, ЖАЙДАРЫ ЭЛЕҢ НАРГИЗА!

Ошол каргашада жайран болгон 35 тургундун арасында биздин редакциянын эң жаш мүчөсү, вебредакторубуз Наргиза Жумакунова бар эле. Өзү менен кошо беш жашар уулу,  төрт айлык бешиктеги кызы жана өмүрлүк жолдошу Азамат Дербишалиев  кайтыш болду.
— Абдан тың. Ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, билбегенин бат эле сурап үйрөнүп алчу. Жайдары, жароокер, камкор, мээримдүү эне эле…Наргизанын жаткан жери жайлуу болсун! — деп эскерет бирге иштеген кесиптешин Гүлнара Алыбаева.

ПЕЙИЛИҢ ЖУМШАК, ЖАЙДАРЫ ЭЛЕҢ НАРГИЗА!

Ооба, суук кабарды укканда биз, кесиптештери, абдан кайгырдык. Азыр да жүрөгүбүз сыздап турат. Анткени Наргизанын олтурса-турса оюнда үй-бүлөсү, аруу тилек наристелери болчу.  Жумушта жүрсө да телефон чалып, балдарынан тынбай кабар алчу.  Мындай баласак аялзат кылымда бир жаралат! Өмүрлүк жолдошу экөөсү бирдей жарык маанай, ак пейил,  кишиге жамандыгы жок жубайлар эле. Деги Наргизанын муңайганын, капаланганын көрбөдүк. Өздөрү батирде турса да, жадырап-жайнап, күлүп турчу. Кесиптешибизди көрүп, биз да өз көйгөйлөрүбүздү унутуп калар элек.
Ушул ынтымактуу үй-бүлөдөн бир туяк аман калды… Ушундай жоопкерчиликтүү эне болчу. Кырсык болордон бир аз мурун биринчи класстагы уулун аялдамага чейин узатып, автобуска салып келген экен.
Ошол уулу азыр чоң атасынын колунда. 7—8-класста окуп калгандыр…
Неси болсо да аман болсун! Султандын өмүрү узун болсун! Кесиптешибиздин элесин эч качан унутпайбыз! Эгерим элибизде мындай кырсык болбосун!

ПЕЙИЛИҢ ЖУМШАК, ЖАЙДАРЫ ЭЛЕҢ НАРГИЗА!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер