ПЕНСИЯЛЫК КУРАКТАГЫ ЖЕТЕКЧИЛЕР ЖУМУШТАН КЕТИШЕТ

  • 24.01.2018
  • 0

Нарын облусунун Жумгал районунда пенсияга чыгып, бирок көп жылдан бери иштеп келе жаткан мектеп директорлору бар.

Маалыматка ылайык,  Жумгал районунда пенсия курактагы мектеп директорлор өз кызматтарын өткөрүп бербей иштеп келишет. 20-30 жыл бир мектепти башкарып, директор болгондор да бар. Мындан улам билим берүүнүн сапаты жакшырбай, айрым мектептерде иш алдыга жылбай калган. Ошону менен бирге жаш кадрларды тартуу, мектептерге кызыктуу программаларды киргизүү, жаңыча иштерди аткаруу артта калганы тууралуу жергиликтүү активисттер коңгуроо кагышууда.

  • Мыйзамда пенсия курактагылар директор боло албайт жана беш жылдан ашык мөөнөткө дайындалбайт деп турат. Бизде алды 18 жыл, арты 5 жыл башкарган пенсионер директорлор бар. Ал эми 20-30 жылдан бери бир мектепти кыймылдабай башкарган директорлор аз эмес, айрымдары пенсияга чыгуу мезгили келсе да кызматты өткөрүп бербей отурушат, — дейт активист Р.Дооронбеков.

Бул маселе боюнча Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева чындыгында пенсияга чыккан директорлор бар экенин, алардын келишими 2017-жылдын 29-декабрында бүткөндүгүн, бирок ушул жылды жыйынтыктоо менен пенсия жашындагы мектеп директорлор өз кызматтарынан кете тургандыгын билдирди. Ал эми Кочкордо пенсия курагындагы беш  мектеп директору кызматтарын окуу жылдын аягында тапшырышат.

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбековдун  айтымында, пенсия жашына келсе да 10-20 жылдан бери мектепти жетектеп келе жаткан беш директорлор менен окуу жылынын башында келишим түзүлгөн. Ага ылайык окуу жылынын аякташы менен кызматын тапшыруу жагы макулдашылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер