СУРАГЫЛА-ЖООП БЕРЕБИЗ: ПЕНСИОНЕР МУГАЛИМДИН ЭМГЕК УКУКТАРЫ
- 27.10.2026
- 0
Суроолорго Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун юристи Бедил КАДЫРКУЛОВ жооп берет.
- Пенсионер мугалимдердин мектепте иштөө укугу сааттарды бөлүштүрүүдөгү өзгөчөлүгү, алардын эмгек укуктары иштеп жаткан жаш мугалимдерден айырмасы кандай болушу керек?
- КР мыйзамдарында пенсия курагындагы иштеп жаткан мугалимдердин эмгек укуктары жаш иштеп жаткан мугалимдер менен бирдей эле укуктарга ээ. Пенсионер мугалим болгону үчүн анын эмгек укуктары чектелбеши керек.
Пенсионер мугалимдин негизги укуктары кандай?
- Мектепте иштөөгө укуктуу, эгер ден соолугу боюнча иштөөгө жарактуу болсо жана кызматтык милдеттерин аткара алса, пенсия алып жатканы үчүн аны иштен бошотууга өз алдынча негиз жок.
- Пенсионерлердин эмгек акысы башка мугалимдер сыяктуу эле аткарган окуу жүгүнө (саатына) квалификациясына жана мыйзамда каралган кошумча төлөмдөргө жараша төлөнөт.
- Эмгек өргүүсүнө, эмгекти коргоого жана бащка эмгек кепилдиктерине жаш иштеп жаткан мугалимдер менен бирдей укуктуу.
Пенсионер мугалим төмөнкү мыйзамдуу негиздер менен гана жумуштан бошотулушу мүмкүн:
- Өз каалоосу менен арыз жазса;
- Эмгек келишимдин мөөнөтү бүтсө (эгер мөөнөттүү эмгек келишим түзүлгөн болсо);
- Штат кыскарса (мыйзамдагы бардык кепилдиктер сакталуу менен);
- Эмгек тартибин одоно бузса же бир нече жолу бузса;
- Мыйзамда көрсөтүлгөн башка негиздер болсо;
Иштеп жаткан жаш мугалимдерден иштеп жаткан пенсионерлердин эмгек укуктарынын айырмасы:
- Жалпы эмгек укуктары бирдей.
- Айрым мамлекеттик программаларды “жаш мугалимдер” үчүн өзүнчө жеңилдиктер же колдоо чаралары (мисалы, көтөрмө (шыктандыруучу) төлөмдөр, турак жай менен камсыз кылуу боюнча жардамдар ж.б.) болушу мүмкүн. Бирок бул пенсионерлердин эмгек укуктарын чектей албайт.
- Иш берүүчүнүн пенсия курагына жеткендиги үчүн аны басмырлоого же укугун чектөөгө укугу жок.
- Жашы боюнча пенсия алып жатканы үчүн анын мектепте иштөөсүнө тоскоол болбойт. Пенсияга чыкканы үчүн кызматтан бошотууга дагы болбойт. Эгер эмгек келишими күчүндө болсо жана ал өз милдетин туура так аткарып жатса, ишин улантууга укуктуу. Ошол эле учурда мыйзамга ылайык карылык боюнча пенсионерлер менен өзүнүн жазуу түрүндө макулдугу менен “мөөнөттүү эмгек келишим” түзүүгө дагы жол берилет.
Жумалык окуу жүктөмдөрү кандай бөлүштүрүлөт?
- Мыйзамда жумалык жүктөмү сааттары биринчи жаш мугалимге берилет, ал эми пенсионерлерге сааттар аз берилиши керек деген талап жок.
- Бирок бул “пенсионер мугалимге сөзсүз жаш мугалим менен бирдей жумалык жүктөм (сааттар) берилиши керек” дегенди билдирбейт, андай дагы талап жок.
Сааттарды берүү төмөндөгүлөрдү эске алуу менен бөлүштүрүлөт:
- Мектептин окуу планы, штаттык түзүмү, мугалимдин адистиги, квалификациясы, педагогикалык жүктөмдөрдүн нормалары жана мектептин ички тартип эрежелерине ылайык берилет.
- Эгерде мектепте саат жетишсиз болсо, директор сааттарды негиздүү жана бардык мугалимдерге тең мамиле кылуу принциби менен бөлүштүрүүгө милдеттүү. Пенсионер экендиги негизги себеп болуп эсептелбейт.
- Эгерде пенсионер мугалимдин сааттарын азайтып, жаш мугалимге көбүрөөк бөлүп бере турган болсо ал мыйзамсыз, андай учурда басмырлоо маселесин жаратышы мүмкүн. КР мыйзамдарында укуктук ченемдик актыларында пенсионер мугалимге да, башка мугалимдерге окуу жүгүн бөлүштүүдө артыкчылык берилет деген норма жок. Окуу жүгүн бөлүштүрүү укугу мектеп директоруна таандык, ал эми кесиптик бирлик уюму менен макулдашылып берилет.
- Иш жүзүндө директор саат бөлүштүрүүнү төмөнкү тартипте иш алып барышы керек: 1.Алгач мектептин окуу планы боюнча канча саат бар экендигин аныктайт. 2. Ошол сабактын адистери болгон мугалимдердин санын билүү керек. 3. Ар бир мугалимдин адистиги, квалификациясы, тарификациясы, иштеп жаткан эмгек келишими эске алынат. 4. Ошондон кийин окуу жүгү мүмкун болушшунча адилетүү бөлүштүрулөт.
- Мектеп директору тарификация бекигенден кийин пенсионер мугалимдин жумалык жүктөмү болгон сааттарын мугалимдин макулдугусуз сааттарын азайтуу (түшүрүү) аракети мыйзамсыз (мугалимдин макулдугу менен).
- Сааттардын төмөндөшү объективдүү себептерге гана негизделиши керек (мисалы, класстардын кыскарышы, окуу планын өзгөрүшү, мугалимдин өзү макул болушу ж.б.)
- Ошондуктан иш берүүчү төмөнкү принциптерди сактоого милдеттүү:
- 1.Мугалим-кызматкерди басмырлабоо;
- 2.Бирдей мамиле кылуу;
- 3. Кабыл алган чечимдерди объективдүү себептер менен негиздөө.
Эл аралык эмгек уюмунун (мындан ары ЭЭУ) стандарттары боюнча иштеп жаткан пенсионер мугалим кезинде да “кызматкер” болуп саналат, ал пенсия алып жатканы үчүн өзүнүн эмгек укуктарын жоготпойт.
ЭЭУ №111 конвенциясын 1992-жылы, №190 конвенциясын 2024-жылы Кыргыз Республикасы ратификациялаган, ал эмгек жана кесип чөйрөсүндөгү басмырлоого жана эмгек чөйрөсүндөгү кугунтуктоого каршы иштөөгө болгон укукту бекемдейт. Демек, пенсионер мугалимге кемсинтүү, психологиялык басым, атайылап обочолонтуу, коркутуп жумуштан кетирүүгө аракет кылуу сыяктуу аракеттерге укуктук баа берүү үчүн маанилүү далил болот, ал эми басмырлоолор жана куугунтуктоолор алардын эмгек укугун бузуу катары көтөрүлүшү мүмкүн. Бул ратификацияланган конвенциялар КР эл аралык милдеттенмеси болуп саналат.