ПЕКИНДЕ  “КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ГУМАНИТАРДЫК АЛМАШУУ БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ

  • 14.10.2021
  • 0
ПЕКИНДЕ  “КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ГУМАНИТАРДЫК АЛМАШУУ БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ

ОшМУ менен Пекиндеги Борбордук улуттар университетинин ортосунда түзүлгөн “Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборунун” ачылуу аземи 14-октябрда онлайн байланыш аркылуу өттү.

Салтанатка Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова, Пекиндеги Борбордук улуттар университетинин ректору Го Гуаншен жана эки окуу жайдын жамааты катышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Борбордук улуттар университетинин негизделгенинин 70 жылдыгы менен куттуктап,  окуу жайдын өзгөчө, Кытайдагы аз сандуу улуттардын агартуу тармагына кошуп келе жаткан салымы чоң экендигин белгиледи.

“Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборун” түзүү чечимине эки окуу жайдын ректорлору 2019-жылдын декабрында Пекинде кол коюшкан. Борбордун максаты эки мамлекеттин ортосунда достук, ырашкерлик мамиленин өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө ректорлор студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздору биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эки элдин классикалык чыгармаларын которуу долбоорлорун камтыган кызматташуу келишимине да кол коюшту.

Учурда ОшМУ 30дан ашуун өлкөдөгү 296 жогорку окуу жай менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюп, иштеп келе жатат.

ОшМУ акыркы беш жыл аралыгында Эл аралык көз карандысыз  аккредитация уюмунун тандоосу менен Борбор Азиянын мыкты делген беш жогорку окуу жайдын катарында келе жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер