ПЕДАГОГИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР АРАКЕТТЕ

  • 19.11.2018
  • 0

Бишкектеги № 4 орто мектепте баш калаадагы мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн өткөн семинар «Педагогикалык технологиялар аракетте» деп аталды.

Семинар №4 орто мектептин эмгек жамаатынын, Гете атындагы №23 ОТКГ, №38 Р.Шүкүрбеков атындагы ОТК мектеп гимназиясынын мугалимдери менен биргеликте өткөрүлдү.

Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, дидактикалык идеяларды топтоо максатын камтыган семинарга 120дан ашык башталгыч класстын мугалими катышты.

Катышуучулар «Интегралдык окутуу», «Оюн технологиялары» ж.б. аталыштагы педагогикалык окууларга күбө болушту.

 

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер