ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ: ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ ҮЧҮН ООР ЭМЕС
- 18.06.2025
- 0
Шабданбекова Атыркүл — “Жаңылыктын жарчысы” педагогикалык форумунун активдүү катышуучусу. Ал 12 жылдан бери Тоң районуна караштуу алыскы Темир-Канат айылындагы К.Тилеков атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркалап келет. Анын пикиринде, изденген мугалим үчүн азыркы жүргүзүлүп жаткан жаңы реформаларды ишке ашырууга эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Буга өзү иштеген мектептин ийгиликтери үлгү болуп бере алат.
Себеби мектеп тоо койнунда жайгашып, санарип билим берүү каражаттары болбосо дагы окуучуларга татыктуу билим берип келет. Алсак, 2023-жылы бир окуучу район боюнча жалгыз Алтын тамга ээси аталган. Эки жылдан бери республикалык деңгээлдеги Манас таануу интеллектуалдык теле-долбооруна катышып, алдыңкы орундарды бербей келет. Андыктан мугалимдердин улуттук билим берүү моделин ишке ашыруусу оор деле болбойт деген ойдо.
— Мектеп 120 окуучуга ылайыкталган, бирок учурда 266 окуучу эки сменде билим алууда. 24 мугалим эмгектенип, алардын токсон пайызын жаш кадрлар түзөт. Биздин мектеп бийик тоолуу шартта жайгашса дагы көп жетишкендиктерибиз менен мактана алабыз. Интерактивдүү доска жетишсиз болгонуна карабай мугалимдерибиз өз алдынча изденип, окуучуларды сабакка кызыктыруунун үстүндө. Ошондуктан жаңы улуттук моделин ишке ашырууда мугалим үчүн оорчулук жаратуучу эч нерсе жок деп эсептейм. Мугалимдер баштапкы билимге ээ, андан тышкары кошумча материалдарды окуп, кичине изденсек эле даяр экенбиз деген ойго келдим, -дейт катышуусу.
Муну менен катар эле Атыркүл Шабданбекова улуттук билим берүү моделинин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, форумда көп нерселер жаңылык болгонун жашырган жок.
— Мага эң жакканы — 5–класстын тарых сабагы 6–класс менен интергацияланып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндөгү сабак 7-класстын программасына киргизилгендиги болду. Себеби тарых китебинде бул аталарыбыз тууралуу кыскача эле берилген. Бул өзүбүздүн тарыхыбызды кийинки муунга калтырууда чоң роль ойнойт. Окуу китептеринде методикалык пособиелерден сырткары кошумча жумушчу дептерлери камтылгандыгы да окуучулардын теманы тереңирээк түшүнүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми жаңы реформалардын баары санариптик технологиялардын негизинде жүргүзүлүп жаткандыгы – азыркы замандын талабы. Билим берүү тармагында чоң секирик жасап, 12 жылдык билим берүү моделине өтүп алсак, Кыргызстандын келечеги үчүн приоритет болот. Жаштарыбыз Кыргызстандан эле эмес, чет жерде да билим алууга шарт түзүлөт. Буга чейин өнүккөн өлкөлөрдөгү 12 жылдык билим берүүгө жөн эле суктатып келсем, эми минтип өз өлкөмдө ишке ашып жатканына кубанып турам, — дейт Атыркүл Шабданбекова.
АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер