«ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИК» ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ОКУУ КУРСТАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
- 10.09.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунда 2025-жылдын 24-мартынан 27-августуна чейин 690 сааттык көлөмдө «Педагогикалык чеберчилик» программасы боюнча окуу курстары өткөрүлдү.



Программанын негизги максаты – орто кесиптик окуу жайларда иштеген техникалык билими бар педагогикалык кызматкерлерди педагогикалык чеберчиликтин негиздерине окутуп-үйрөтүү, заманбап компетенцияларга ээ кылуу, жаңы технологияларды колдонуу чеберчилигин өстүрүү жана педагогикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү укугуна ээ кылуу болуп саналат.
— Бул программа катышуучуларга педагогикалык ишмердүүлүктү профессионалдык деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, орто кесиптик билим берүү системасында сапаттуу билим берүүнү камсыздоого салым кошту, — дейт Бишкек автожол унаа колледжинин директорунун орун басары Назгүл Маматбаева.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер