ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТА БИЛИМ БЕРГЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР БОЮНЧА КОЛЛЕГИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 19.05.2023
  • 0

18-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин биринчи орун басары Уланбек Усеков, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, аймактык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жана педагогикалык багыттагы колледждердин директорлорунун катышуусунда билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча коллегиянын жыйыны өттү.

ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТА БИЛИМ БЕРГЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР БОЮНЧА КОЛЛЕГИЯНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Коллегиянын катышуучулары педагогикалык багытта билим берген 9 университеттин (Баткен мамлекеттик университети, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз — Өзбек эл аралык университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети) өнүгүү стратегиялары, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү боюнча баяндамаларды угуп, талкуулап, сунуштарын айтышты.

Министр Каныбек Иманалиев артта калган аймактык окуу жайларды окуу системасы боюнча алдыда бара жаткан университеттердин тажрыйбасын колдонууга, кызматташууга жана биргелишип билимдин сапатын көтөрүүгө аракет жасоо керектигин айтты.

“Заман талабына жараша окуу жайларды санариптештирүү учурдун талабы болуп турат. Бул үчүн көп деле каражаттын кереги жок, аны өз ишин мыкты билген эки эле IT адиси жасап коет. Эгерде IT адиси жетишсиз болуп жатса, аны даярдаган окуу жайлар менен кызматташкыла, кызматкерлерди окууга жибергиле. Ошондой эле окуу жайлардын жылдык бюджети бир орунда турбашы керек. Ал жылдан-жылга өсүүгө, көбөйүүгө тийиш. Бул үчүн жетекчилерде менеджерлик, изденүүчүлүк, жаңычылдык сапаттар болууга тийиш. Мисалы, түштүк тараптагы окуу жайлар Ош мамлекеттик университетинен үлгү алып, өнүгүүгө бел байлап жатышат. Бир окуу жайдын өнүгүүсүндө стартаптар менен бизнес-инкубаторлордун орду өзгөчө”, — деди министр.

Ошондой эле министр кийинки жылдан тарта окуу жайлардын рейтингин баалоодо алардын бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу пайызы баалоого кошула тургандыгын билдирди.

“Университтердин рейтингин аныктоодо 5 индикатор болсо, анын бирөө ошол окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн канча пайызы жумушка орношкондугунда. Биз кийинки жылдан тарта ошону баалоого киргизүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле бүгүнкү коллегиянын чечимине ылайык ар бир окуу жай бирден бала бакча ачууга аракет кылышы керек. Себеби, өлкөдө 600 миң баланы мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу маселелеси турат”, — деп билдирди Каныбек Иманалиев.

Мындан сырткары Каныбек Иманалиев бир айдан кийин педагогикалык колледжердин коллегиясынын жыйыны өтө тургандыгын айтып, колледжердин жетекчилерине өнүгүү жол картасы боюнча баяндамаларды жасоого даярдануу тапшырмасын берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер