ПЕДАГОГДУН ЧЕБЕРЧИЛИГИ: ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ЖАНА ЖАҢЫ СТАНДАРТТАР

  • 29.06.2026
  • 0

Билим берүү системасынын өзөгү мугалим экендиги талашсыз. Ал эми заманбап педагогдун негизги милдети — жаңы педагогикалык технологияларды өздөштүрүү, билим берүү стандарттарына ылайык сапаттуу билим берүү менен бирге окуучуларды татыктуу тарбиялоо болуп саналат. Мугалим балдардын инсандык өнүгүүсүнө шарт түзүп, өзүнүн кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз арттырып, билим берүү процессин долбоорлоо жана баалоо жөндөмүн чыңдашы зарыл.

Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, мугалим предметти жогорку деңгээлде окутуу менен бирге окуу пландарын өз убагында аткарат. Ошону менен катар окуучуларда моралдык-этикалык баалуулуктарды, мекенчилдикти жана жоопкерчиликти калыптандырат. Педагогикалык этиканы бекем сактап, окуучунун ар-намысын сыйлоо менен алардын чыгармачылык жөндөмүн, логикалык ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүн өнүктүрөт. Мектеп жамаатынын арасында дискриминацияга жол бербөөдө мугалим өзгөчө ролго ээ: ал окуучуларды гендердик, улуттук же социалдык белгилери боюнча бөлбөөгө жана мындай терс көрүнүштөргө өз убагында бөгөт коюуга ар дайым даяр болушу шарт. Ошондой эле, ар дайым көзөмөл жүргүзүү менен окуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартат.

Ментордук иш-аракет жана жаңы тажрыйбалар

Бул багытта райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинеттердин усулчулары да тынымсыз, тыгыз иш алып барышат. Мен дагы башталгыч класстар боюнча ментор-усулчу катары мугалимдердин кесиптик тажрыйбасын арттыруу максатында адаттагыдан өзгөчө ыкмаларды практикада колдонуп келем.

2025-2026-окуу жылында башталгыч класстардын базасында 8 мектепте аймактык жолугушуулар жана кесиптик тажрыйба алмашуу семинарлары ийгиликтүү өттү. Бул иш-чаралардын өзгөчөлүгү — чектеш жайгашкан мектептердин тажрыйбалуу мугалимдери башка мектептин окуучуларына сабак өтүү менен өзүнүн чеберчилигин жайылтат. Ал эми катышуучу мугалимдер кесиптештеринен тажрыйба алып, жыйынтыгында кеңири кайтарым байланыш түзүлөт. Мындай ыкма аркылуу мугалим да, окуучу да бейтааныш чөйрөдө жана жаңы жамаатта иштөөгө көнүгүшөт.

Негизи, мындай усулду мен 2022-жылдан бери практика жүзүндө изилдеп, талдап келем жана бардык кесиптештериме сунуштайм. Натыйжанын ийгиликтүү жана кызыктуу экендиги мугалимдердин жана окуучулардын берген пикирлери, сунуштары аркылуу айкын көрүнүүдө. Мугалимдер бейтааныш окуучулар менен өзүнүн окуучуларын салыштыруу аркылуу жаңы ыкмаларды колдонууда жакшы көндүмдөр жаралып жатканын белгилешүүдө.

Санариптешүү жана Сингапур методикасы

Райондогу педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында курстарга жана семинар-тренингдерге жөнөтүү иштери туруктуу колго алынган. Быйылкы окуу жылында 613 педагог өз квалификациясын жогорулатты. Анын ичинен жаңы билим берүү стандарттарын жана программаларын эл аралык ыкмаларга, талаптарга ылайык ишке киргизүү алкагында 219 башталгыч класстын мугалими Сингапур методикасы боюнча сапаттуу даярдоо курсунан өтүштү. Алар салттуу жана аралыктан окутуу формаларына жигердүү катышып, кесиптик чеберчилигин өнүктүрө алышты. Мындан сырткары, мугалимдерибиз жеке менчик санариптик курстарга да катталып, тынымсыз изденип жатышат.

Бул бир жылдык биргелешкен аракеттин натыйжасында балдардын өсүүсүндө, билимге болгон умтулуусунда чоң өзгөрүүлөрдү байкадым. Ал эми мугалимдерибиздин өз кесибине сыймыктануу менен суктанып, атүгүл ыр саптарын жаратканы бизди өзгөчө кубантты.

Төмөндө С. Айтиев атындагы №38 мектептинин башталгыч класс мугалими Алтынай АЛДОЗОВАнын мугалимдин коомдо ээлеген орду, учурдагы жетишкендиктери жөнүндө ой толгоосу камтылган ырын назарыңыздарга тартуулагым келди.

Замандаш мугалимге

Ааламдын агымында алышып,

Жашоонун шары менен салышып.

Агартуунун айдыңында барабыз,

Жакшылыкты жайылтууда жарышып.

 

Учур келди, мээнетибиз баркталып,

Үмүтүбүз, ишеничтер акталып.

Шык кошулуп, жаратмандык дем болду,

Коомдогу кадырыбыз баркталып.

 

Көтөрүлгөн маянабыз кут болсун,

Жашообуз жакшылыкка жык толсун!

Чарчабастан, чаалыкпастан, кесиптеш,

Ийгиликке жетүүбүздө шык болсун!

 

Бизге артылган ишеничти актайлы,

Коомдогу кадыр-баркты сактайлы!

Өлкөнүн өнүгүүсү колубузда,

Билим берип, тарбиялап, талбайлы!

 

Уулжан ЖАНУЗАКОВА,

М. Абылкасымов атындагы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, ментор, КР Эмгек сиңирген мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер